Бул бассейн жайгашкан жер тээ Совет доорундагы малкананын чөп жыйуучу жайы болгон. Кийин бул жерлер өкмөттүн карамагына өтүп, андан кийин Муратов Өмүрбек бул жайды ижарага алып бассейин курууну баштайт.
Бул бассейнди куруу учун бир миллон сомдон ашык акча каражаты сарпталган. Бассейн ушул учурда толук бүтпөсө дагы келген адамдардын саны арбын. Жаңы ачылган бассейнге Ноокат районунун бүт айылдарынан келип эс алып кетишет.
Бассейнге келген ар бир адамга чоң кишилерге 50 сом, ал эми кичинекей окуучу балдарга 30 сомдон алынат.
Бассейндин келечектеги пландары — айланасына келген кишилер тамактануучу кааналарды куруп, ошондой эле жаш балдар ойноочу ар кандай атракциондорду жана башка эс алууга жакшы шарттарды түзүп, айланасын жашыл бакка айлантуу, дейт бассейндин ээси Өмүрбек.
Куу-майдандын таштак жери мына минтип адамдар эс алуучу жайга айланып турган кези.
Даярдаган: Курсантбек кызы Аймончок
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка.