Андарак айылында дагы бир эс алуучу жай ачылды. Дача арчалардын койнунда, тунук агып жаткан суунун боюнда орун алган. Ал жерге Лейлек районун айылдарынанда келип эс алып кетишет.
Ал сыртынан жамгырга жана карга ылайыкташтырылып салынган. Бирок ичине кирсең кышында аябай жылуу, жайында салкын. Ичи орто эсеп менен 25-30 адамдык.
Ичинде дайыма кыргыздын жыты жытанган комуз жана улуттук тамактар нан боорсок турат. Кар үй илгерки ата-бабаларыбыздын колдонгон тамына окшош. Ал кышында да, жазында да ушул бойдон турат.
Ички жасалгасына да бир чети кубанып кайтык. Кыргыздын чыныгы оймо-чийимдерин ушул жерден карасаң болот. Ал жерге келген коноктор дайыма эн биринчи оймо-чийимине таң калат.
Даярдаган: Камбар Асан уулу