Нурия Кожокеева – чоң профилдүү, тажрыбалуу, сыйга ээ, өз кесибин жакшы билген, адис. Бир нече сыйлактарга, грамоталарга, сертификатарга, ээ.
Нурия Таш-Көмүр шаарындагы “Кыргызстан” КБнын филиалынын баш бухгалтери болуп эмгектенет. Бул кызматы ал 1997 жылдан бери ээлейт. Буга чейин Нурия кыржылоо багытындагы устаттардын тажрыйбасынан үйрөнгөн.
Эмгек тажрыбасын Нурия 1985-жылы мамлекттик банкта катчы болуп иштеп баштаган. Андан кийин көп жалдары бухгалтер болуп эмгектеген. “Жумуш аябай коп, бирок өзүндүң ишиңди туура жана так акылың менен уюштурсаң, өзүндүн кесибиң боюнча мыкты адис болсоң, өзүндүн мээнетиңе аң сезим менен жана чын дилиң менен мамиле кылсаң – жасаган жумушуңдан чоң рахат аласын,анткени сен күнсайын жарандарга, өзүндүң мамлекетиңе пайда алып келесиң да”— деп айтат Нурия.
Ал өзүнүн коллективин аябай сыйлайт. Бул жерде жалаң эле жаштар эмгектенет. Буга карабастан Нуриянын айтканы боюнча анын коллективи ынтымактуу, жоопкерчиликтүү, билимдуу, максатка чамдангандар. Ар бири мыкты адис, ошондуктан булар менен иштеш оңой жана жөнөкөй. Ар бир жаш колегасына Нурия жеке мамиле түзөт. Ал коллективдин иченгеги мамилелер таза, түшүнүктуу ошол эле учурда жонөкөй болуш керек деп эсептейт.
Банкта Нурия 30 жыл эмгектенген. Ардактуу эс алууга кеткенден мурун ал жаш адистерге өзүнүн тажрыбасын үйрөтөт. “Биздин келечегибиз жаштардын колунда, андыктан умтулгула, изденгиле. Силердин бардык баштаган иштериңерге ийгилик” – каалайм дейт Нурия.
Авторлору: Айгерим Райымкулова, Айзада Султаналиева