Айыл аймактык аялдар комитетинин төрайымы жана Суусамыр айылдык ден соолук чыңдоо комитетинин жетекчиси Нурзат Райымбекова, учурда төрт кыз, эки уул, он төрт неберенин чоң энеси. Ал бул жетишкендиктеринин артында үй-бүлөнүн колдоосу жана талыкпас эмгек турганын айтат.
Эмгек жолум
Мектепти аяктаган соң медициналык колледжке тапшырып, бирок тилекке каршы окуумду бүтүрө албай калгам. Кийин 1992-жылы турмушка чыгып, шайлоо комиссиясында оператор болуп иштегем, кийин почта түйүнүнө которулуп ал жакта дагы эмгек жаратып калдым. Азыркы учурда Суусамыр Айыл аймактык аялдар комитетинин төрайымы жана ошондой эле Айылдык ден соолук комитетинин жетекчисимин. Андан тышкары аксакалдар сотуна мүчөмүн. Албетте мунун баарына убакыт керек, эмгек керек. Ар бир жетекчилик кылган ишим ошондой жоопкерчиликти талап кылат. Андыктан сенин алдыңкы жашооң жана ошондой эле жетишкендиктериң бир гана сенден көз каранды.
Айыл аймактык аялдар комитетинин төрайымы жана ошондой эле Айылдык ден соолук комитетинин жетекчисимин. Андан тышкары аксакалдар сотуна мүчөмүн. Албетте, мунун баарына убакыт керек, эмгек керек. Ар бир жетекчилик кылган ишим ошондой жоопкерчиликти талап кылат. Андыктан сенин алдыңкы жашооң жана ошондой эле жетишкендиктериң бир гана сенден көз каранды.
Аял кишиге жолдошу тараптан тек гана колдоо керек
Мен жолдошума аябай ыразымын, себеби мен өзүм ыктыярчы болуп дагы эмгектенгендиктен эл арасында көп жүрөм. Анткени мага эл арасында иштеп, эл үчүн кызмат кылган жагат. Менин жумуша байланыштуу окуулар көп болуп турат, андыктан алардын бирин калтырбай барышым керек, анан жолдошум алардын биринен дагы калтырбастан өзү кошо мени менен барып, окутуу бүткөндөн кийин мага өз оюн, сунушун дагы айтып турат. Андан тышкары балдарым дагы менин жумушумду туура кабыл алуу менен алар дагы өз колунан келген жардамын беришет. Эки жыл мурун Суусамыр айыл өкмөтүндө бир жыйын өтүп, мен бир көйгөйдү көтөрүп чыккам. Ал көйгөй эске алынып, чет жактан келген адамдарга дагы жагып, Ак илбирс фондунун колдоосу менен чычырканак отургузуу долбоору башталган. Ал чычырканакты отургузган соң, ал түшүмдү үч жыл бербейт экен . Ошол эки жылдан бери үй-бүлөмдүн колдоосу жана жардамы менен чычырканакка иштегенге адамдарды топтоп, көчөттөрдү багып, буйруса Суусамыр элин иш менен камсыздаганы турабыз.
Азыр айымдар үчүн мүмкүнчүлүк көп
Азыр айымдар үчүн мүмкүнчүлүк абдан көп, ар кимдин өз тандоосуна жараша окуулар, курстар бар. Ар бир айым келечекте кандай адам болушуна тек гана өздөрү жооп берет. Бир гана кичине аракет кылуу керек. Азыр өз ишкерчилигин ачып иштеткен айымдар көбөйдү, эгерде мурун айымдар ашканадан чыкпаган болсо азыр мырзалар менен биргеликте иштеп жүрүшөт. Андан тышкары мырзалардын дагы көз карашы өзгөрүп, жубайларына үй тиричилигине жардам берип жатышат, бул өтө жакшы көрүнүш. Бир гана өзүңдүн аракетиң керек. Менин бүгүнкү күндөгү жетишкендигиме, кечээги эмектерим себепкер.
Айтурган Кушкарбекова