Мектепти аяктап өз кесибин издеп шаарга агылган студенттердин саны миңдеп саналат. Алардын азы балалык кыялдарын ишке ашырып, өз кесиптерин табышса, айрымдары аргасыздан башка эле кесипти тандап калышат. Анын натыйжасында окууну таштап, ишке өткөндөр көп.
Аблабек Токтомушов Нарын районундагы чакан айылда туулуп өскөн. Бала чагы ошол эле айылда өтүп, мектептен орто билим алып, билимин жогорулатуу үчүн Бишкектеги жогорку окуу жайга тапшырган. Бирок, ал билим өзү сүйгөн кесип эмес экенин билип, окуусун 3 курска чейин гана уланткан.
Ашкана сырларын көбүнчө чет жактан үйрөнгөн
“Бала кезде тамак жасаган ашпозчуларды көрүп абдан кызыкчумун. Андан улам кухняга болгон кызыгуум күч алып, кухняга иштөөнү самап жүрдүм. Бала кезде балдар менен чөптөрдөн, жалбырактардан үзүп келип, ар кандай тамактарды жасайт элек. Дос балдар үйлөрүнөн азык-түлүк алып келишчү, аларды чогултуп, кошунанын үйүнө барып, тамактарды мен жасайт элем. Ашпозчулук менин тубаса талантым болсо керек. Кийин окуумду таштап кеткеним да ошондон болду. Анан ашпозчулукка баш отум менен кириштим. 24 жашымдан баштап ашпозчулукка өттүм. Биринчи иштегенде чакан кафеге барып, “поварга жардамчы керекпи?”- десем жок деди, мен бекер эле иштеп берем десем ойлонуп макул болду, ошентип алгачкы кадамдарды чын ниетим менен ашпозчуга жардамчы боло баштадым. Ал жакта көп убакытка чейин акысыз иштедим. Бирок көп нерсени ошол жактан көрдүм, такшалдым, үйрөндүм. Кийин шаардагы чоң кафе, ресторандарда иштеп өзүмө көптөгөн тажрыйба топтоп, чет жактарга да барууну чечтим. Ал жактан дүйнөлүк ашканалардын түркүн тамактарын үйрөнүп, кызматымды элиме кылайын деп Кыргызстанга кайтып келдим. Ашпозчуга жардамчы болуп жүрсөм, тажрыйбамдын жогору болушунан улам, шеф-повар кызматына өттүм”,-дейт Аблабек Токтомушев.
Кесиптештери менен
Өз кесибин тапкан Аблабек Токтомушев Нарын шаарындагы Хан-Тенгри эс алуу комплексинде 7 жылдан бери Бренд Шеф-повар болуп эмгектенип келет. Ал өзү сыяктуу ашпозчулукту тандаган балдарга, кыздарга кызыккандарга тажрыйбасын бөлүшүп, үйрөтүп келет.
“Мен жогорку окуу жайга жөнөгөн мезгилде эл ичинде эркектер ашпозчу болбойт, ал эркектер үчүн уят кесип деген түшүнүктөр бар болчу. Ошондуктан мен да шаарга барганда башка кесипке тапшырып алсам керек. Азыркы убакта бул көрүнүш жат эмес, тескерисинче, шеф-поварлардын көбү эркектер. Муну чет өлкөдөгү ашканада эмгектенген эркектер да тастыктайт. Анткени, жаңы идеаларды жаратуу үчүн жаш ашпозчулар алардын тамактары менен таанышып көрүшөт, ал гана эмес идеал туткандар да бар. Кардарлардын көбү эркек кишинин жасаган тамагы даамдуу болот дешет, мен дагы ошол сөзгө кошулат элем. Анткени ашканада иштеп, өзүм күбө болуп жүрөм. Ашпозчулук жумуш бул, мандай терин менен тапкан адал оокат. Аны баалагандар четтен чыгат”,- дейт өз кесибин сүйгөн Аблабек Токтомушев.
Бурул Майрамбек кызы