Сокулук районундагы, Жаңы-Жер айылында жайгашкан Б.С.Шаршенбаев атындагы №43 кесиптик лицейде Мамлекеттик тил күнүнө карата иш чара өткөрүлдү. Аталган иш чаранын ачылышы №43 кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиевдин куттуктоо сөзү менен башталып, келечектеги жаш адистердин чыгармачылыгы менен даярдалган, кыргыз ыр бийлери жаңырды.
«Мамлекеттик тил күнүнүн 34 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 510 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы иштелип чыгып, иш план түзүлүп, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн концепциясы тууралуу иш алып барышууда. №43 кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиев: «Кыргыз тилибиз — биздин эне тилибиз жана мамлекеттик тилибиз. Биз үчүн улуу жана ыйык тил. Улуу тилде Манас атабыз ураан чакырып, эли-жерин коргоп келген. Кыргыз Республикасынын эне тили — кыргыз тили. Кыргыз тили — көрөңгөлүү тил. Ал тарыхтын байыркы түпкүрүнөн агып чыгып, нечендеген бөгөттөргө карабай, келечекти көздөй татыктуу жол таап, бүгүнкү күндө Мамлекеттик тилге айланды. Бүгүн өлкө боюнча “23-сентябрь Мамлекеттик тил” күнүнө карата өзгөчө иш-чаралар өткөрүлүүдө. Анткени, элди түбөлүктүү мамлекет катары тааныткан — анын тили. Кыргыз тилинин тагдыры — кыргыз улутунун тагдыры. Тилди сактасак, улутту сактайбыз», — деген сөздөрү менен жаштарга кайрылды.
№43 кесиптик лицейдеги усулдук кеңешменин жыйынында 19- сентябрдан, 23- сентябрга чейин аткарылуучу 1 жумалык иш пландын мерчемин иштеп чыгып, “ Тил улуттун жан дүйнөсү” — аттуу кароо сынак жарыяланды. Окуучуларды сабаттуулукка үйрөтүү жана кыргыз тилге кызыгуусун арттыруу максатында “Кыргыз тилин катасыз жазабыз” — студенттер арасында жат жазуу.
Студенттердин билимдерин өркүндөтүү жана туура жазууга үйрөтүү үчүн болсо, ал эми “Кыргыз тилинин тарыхы” — деген темада баяндама окушат. Бул иш чараны өткөрүү менен жаш муундар тарыхыбызга көз жүгүртүп, тилибиздин бүгүнкү эртеңкисин ойлошот деген ишеним бар.
Турсун Омуралиева