17-июнь күнү Лейлек районун Сумбула айыл округундагы Төө-Жайлоо участкасынан кутурган карышкыр айылыбызга келген. Малчыларга жана дыйкандарга карышкырдын кол салуусу катталган.
Кол салган карышкыр төрт адамга кол салып жаракат келтирген.Бүгүнкү күндө бул окуя боюнча чукул иш-чара түзүп эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп,ветеринардык-санитардык эрежелердин негизинде иш жүргүзүлүүдө.Карышкыр кечинде айылга түшүп келген.Жана бир канча адамга кол сала баштаган.Карышкыр кечинде түшүп келгенине байланыштуу адамдар дароо ооруканага жеткирилбесе да убагында жеткизилген.Карышкыр кол салган адамдар азыр ооруканада жатат.Алардын баары врачтардын жана медайымдардын катуу көзөмөлү астында каралып жатат.Карышкыр кол салган адамдын бирөөсү сегиз жашар кыз.Азыр карышкыр кол салган адамдардын ичинен жаракаты оору ушул кыз болуп турат.Учурда карышкыр кутурма оорусу менен ооруган карышкыр экени аныкталды.Кутурма оорусу болсо жапайы жана бакма жаныбарлардан жугат.Бирок кутурма оорусу адамдан адамга жукпайт.Эгерде оорулуга убагында жардам көрсөтүлбөсө ал өлүмгө чейин барышы мүмкүн.
Азыркы кезде айыл-өкмөт элдерди жыйнап аларга кутурма оорусу жөнүндө толук кандуу маалымат берип жатышат.Көчөлөрдө баардык жерлерде кулактандыруу,оору жөнүндө маалыматтар кагазын илип коюшкан.Азыркы кезде ооруканаларыбыз дем алыш күнүнө карабай иштеп жатышат.Тиштеген жарандардын баары тажик улутундагы жарандар.
Карышкыр болсо Төө-Жайлоо участкасынан келгенине байлашытуу ал жерде Лейлек районунун эс алуучу лагери жайгашкан.Учурда карышкыр бул жака да түшүшү мүмкүн деп ал жака врачтар жөнөтүлүп баары текшерүүдөн өтүштү.Карышкырды болсо адамдарга кол салып жаткан жерден мерген атып өлтүргөн.Карышкырдын денесин учурда өрттөп күйгүзүштү.Учурда бул ишке киришүү үчүн Исыфана мэриясынан да врачтар келишип текшерип жатышат.Бул ишти көрүп чыгуу үчүн атайын СНБ жана айыл участквойлор иштеп жатышат.
Даярдаган:Төлөнбай уулу Нурсейит
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»