Жакында эле Сумбула айыл округунда болуп өткөн катуу шамал Сумбулага чоң зыян алып келди. Тоолуу жерлерде орун алган үйлөрдүн, имараттардын чатырын учуруп өкмөткө чоң зыян келтирди.
Шамал баардык Сумбула айыл округу боюнча баардык айылдарга жана мектептерге чоң зыян келтирди.Андарактагы Танги-Шак тарабындагы зоонун астында жайгашкан үйлөрдүн имараттардын жана короолордун чатырларын учуруп кеткен.Айта кетсек шамал Кыргызстанга чоң зыян келтирди десек болот.Жакында эле Бишкекте болгон катуу шамал элге чоң сыноо берди десек болот.Бул балким Кудайдан келген сыноо болуп жаткандыр.
Бул шамалдын кесепети Лейлек районуна да келип,бир гана Сумбулада эмес кошуна айылдар да бул шамал болду.Анын ичинде Сумбула айыл округундагы Лейлектин эң алыс айылдарынын бири Көк-Таш айылында да болгон ал жерде турак-үйлөрдүн,жана мектебинин чатырын учуруп кетти.Саттаркулов мектебинин чатырынын жарымын эле учуруп кетти десек болот.Ал жерде чатырын жабыш жана оңдоп түзөө иштерин кылуу үчүн чоң каражат керектелген.
Азыркы кезде Саттаркулов мектебинин чатыры оңдоп-түзөө иштеринен толук өтүп мурунку жакшы абалына келип калды десек да болот.Башка турак үйлөргө да каражат учурда бөлүнүп берилди.Бул кесепет Андаракта да болгон эле.Айыл өкмөт тарабынан турак-үйлөр үчүн да каражат бөлүнүп берилген.Учурда бул кесепеттүү шамалдан Лейлек району чоң зыянга учурады.Учурда баардык жабыр тарткан жерлерде каражат бөлүнүп оңдоп-түзөө иштери каралып жатат.
Андарак айылындагы шамал учуруп кеткен чатырлар жашоочуларга да келип тийген деп айтып жатышат.Бирок бул маалымат так эмес айыл тургундарынын чыгарган оюдур деген ишеничтебиз.Азыркы кезде шамалдан жабыр тарткан үйлөрдүн баарына чатыр бөлүнүп берилген.
Даярдаган:Төлөнбай уулу Нурсейит
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»