Фатима энебиз 90-жаш курагында ааламдан өттү. Ал 1926-жылы Чүй облусуна караштуу Кара-Балта шаарында жарык көргөн.
Бай манаптын кызы болгондуктан атасын байлыгын бийлик тартып алып эки кызын Лейлек районуна алып келген. Азыркы учурда Фатима энебиздин сиңдиси Лейлек районуна караштуу Булак-Башы айылында жашап жатат. Фатима энебиз СССРдин маалында
Тылда иштеп элге өз салымын кошуп турган. Андарак айылында «Алгебра»сабагынан мугалим болуп элдин сабатсыздыгын жойууга чоң салым кошкон.
Жолдошу Атанов Муса Улуу Ата Мекендик согушка кетип бир бутуна суук өтүп бир бутун кесишет.Фатима энебиз тылда иштеп жүргөндө айылда жалаң гана карылар менен жаш балдар калган болчу.Фатима энебиз болсо өз балдарына да өзгө балдарга да эне да ата да болгон.Фатима энебиздин СССРге болгон салымы чоң болгон.Анткени тылда иштеп аталарыбызга азык-түлүк,кийим-кече,курал-жарак жана да айылыбыздагы мектепте балдардын сабатсыздыгын жоюп балдарга өз тарбиясын берген.
Ал кездерде мектеперде анча шарт жок болчу Фатима энебиз турмуштун ысык суугуна карабай иштеп өз салымын кошкон.Азыркы кезде Фатима эненин 10-баласы,90-небере,100дөн ашык чебереси 5-гыбырасы бар.Бирок ушундай Кыргыз СССрине салым кошкон,Баатыр Энебиз ааламдан өтүп кетти.Ушундай Энебизге баарыбыз ийилип таазим кылабыз.Учурда Фатима энебиздин кызы Топчүгүл Мусаевна энеси жөнүндө айтты.
«Энем 90-жаш курагында Оо,дүйнөгө аттанды ал ар дайым шайыр болуп жүрдү.Турмуштун татаал күндөүнө карабай баарыбызды чоңойтуп,эрезеге жеткирди.Биздин энебизди эч качан эл унутпай деп ойлойм.Ал баарыбызды бирдей жакшы көрчү.Башка бирөөнүн балдарын да өз баласындай көрүп айылыбыздын балдарын бапестеп өстүргөн.
Турмушка эч капаланбай,Кудайдын бергенине ыраазы болуп жашады.Эч кимге орой мамиле кылган эмес.Энем ар дайым шайыр жүрдү.»-дейт Топчүгүл кызы
Азыркы кезде уулдарынын баары эле шаарда иштеп ошол жакта жашайт.Баары жакшы иште иштеп үй-бүлөсүн багып жаткан убагы.Балдары:архитектор,мугалим,уз-чебер болуп иштешет.Азыркы кезде энебизди айылдагы мазарга көмүшкөн.
Даярдаган:Төлөнбай уулу Нурсейит
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»