Сумбулада чөптүн түшүмү жогорку деңгээлде мол болуп жатат. Албетте азыркы кезде адамдар кышка камылгасын көрүп жаткан учуру.
Быйылкы климат жаанчыл келип Андарактыктардын пайдасына болду десек болот.Дандар,чөптөрдүн баары эрте жана өтө жакшы бышып жетилди десек да адашпайбыз.Азыркы кезде комбайндар жерлерди оруп жатышат.Орулган тоютту адамдар малына кышка даярдашып жатат.
Чөптүн түшүмү мол болсо кышында мал кыйналбайт жана малдардын ачарчылыгы болбойт.Мурдагы жылдарга салыштырмалуу бул жыл түшүмдүү болду мурдагы жылдарда чөп аз болуп малдардын өлүмдөрү да катталган.Азыркы кезде чөптөр орулуп жана дандар жыйналып жаткан убагы.
Мурдакы жылдары чөптөрдүн баасы да жогору болуп кээ бир адамдардын акчасы да жеткен эмес.Быйыл болсо ар бир адамдын чөбү мол жана өзүнө жетет.Азыркы кезде талаа өтө ысык.Элдер күндүн ысыгына карабай өзүлөрүнүн түшүмүн жыйып жатат.Учурда элдердин малдары баары жайлоого айдалган жай келгенде айыл тургундары малдарын жакшы тоют бар деп баары жайлоолорго айдашат.Учурда Сумбула айыл аймагына караштуу өтө көп жер бар алардын баары орулуп жыйылып бүтүп калды.
Даярдаган:Төлөнбай уулу Нурсейит
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»