Районубуздун эң алыскы айылдарынын бири болгон Көк-Таш айылында эл менен бийликтин ортосундагы ажырымды жоюу үчүн баарлашуу борбору ачылды. Ал борбордун кызматы бийлик менен жашоочулардын ортосун жакындатып жана элдин бийликке болгон ишенимин арттыруу болуп саналат.Бул долбоордо качкындар боюнча жогорку комисарияттын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан каржыланган.
Борбордун толук кандуу иштеп кетүүсү үчүн УВКБ ООН уюму тарабынан компыютерлер,кондиционерлер ремонт иштери үчүн каражат бөлүнүп берилди.Жана да бул борбор ишке киришип жакшы кызмат кылып жатат.
Бул ишкананын кызматкерлери болсо
Райондук каттоо кызматынын өкүлдөрү,архитектура кызматкерлери,райондук баардык бийлик структуранын кызматкерлери.
Бул долбоордун ишке ашуусуна айыл-өкмөттүн өзүнүн каржылаган 78-миң сом ал эми,айыл тургундарынан 40-миң сом,УВКБ ООН уюмунан 400-миңден ашуун каражат бөлүнүп берилди.Азыркы кезде бул долбоор ишке ашып үзгүлтүксүз жакшы иш алып барып жатат.Бул долбоордун эң эле негизги максаты бийлик менен элди нараазы кылбай бийликтин таза иштеп жатканын көрсөтүү.
Даярдаган:Төлөнбай уулу Нурсейит
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»