Эки жылдан бери бүткүл дүйнөлүк күндүн катуу ысып кетүүсүнүн натыйжасында булак сууларынын азаюусунун жоюу максатында Сумбула айыл өкмөтү Андарак, Сумбула, Сары-Дөбө айылдары пайдалануучу суугат жана ичүүчү суу менен камсыздай турган жайлоонун этегинде жайгашкан.
Бар-булактын айланасын тосуу көйгөйү курч эле. Бул долбоорду ишке ашырууда УВКБ ООН тарабынан каржыланып айыл өкмөттүн эсебинен,айыл тургундарынын колдоосу менен булак иш жүзүнө ашты.Булактын айланасы тосулуп,мал булактын көзүн кечпей өтүп жатат.Жана да жугуштуу оорулардын саны азайып жатат.Бул долбоордун ишке ашуусу үчүн Эл аралык толеранттуулук уюму дагы жакындан жардам берди.Бүгүнкү күндө суунун көлөмү көтөрүлүп айыл тургундарынын керегине жарап жатат.
Жана бул жөнүндө айыл өкмөт башчысы Бекмуратов айтты:
«Азыркы кезде булак толугу менен тосулуп бүттү.Бул долбоор ишке ашуу үчүн УВКБ ООН уюму тарабынан айыл өкмөттүн эсебинен жана да,айыл тургундарынын эсебинен каржыланып долбоор ийгиликтүү аяктады.Биз албетте талыкпай иштеп учурдагы глобалдуу көйгөйлөрдү чечип жатабыз.Буга чейин булак суусунун көлөмү аз болуп дээрлик суу жетишпей турган»-дейт Бекмуратов.
Кошумчалап айтып кетсек дагы «Кулкунек» аттуу булагыбыз корукка алынган.Буга чейин аны малдар кечип суулары ашып ташып жаткан жана да жергиликтүү элдер сууну булгап кирдеткен.Аны айыл өкмөт айланасын тосуп суу ашып чыкпай турган кылып койду.Бул дагы учурдагы глобалдуу көйгөйлөрдүн бири болуп саналат.Азыркы кезде ал булактан элдер таза жана дарылык касиети бар сууну ичип жатышат.
Даярдаган:Төлөнбай уулу Нурсейит
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»