2015-жылдын 13-июлдан 18- июлга чейин Ысык-Көл областындагы “ Аврора” санаториясында Немец Академиялык Толкунун (DW-Akademie) колдоосунда журналистика боюнча семинар өткөрүлдү.
Семинардын катышуучулары Кыргызстандын жети дубанынан келген 11 жаш кабарчылар болушту. Германиядан келген тренерлер жаш катышуучуларды сүрөт монтаждоого, видео монтаждоого, веб –сайт түзүүгө үйрөтүштү. Ар күнү жаңы билим, ачылыш жана практикалык иштер көөп болду. Күндөн күнгө сабактар кызыктуу болуп, темалар татаалдана берди.
Мориц жана Жем, биздин тренерлердин аттары, өтүлгөн темаларды жакшы кабыл алуу максатында аябай көп практикалык көнүгүүлөрдү өткөрүштү. Көнүгүүлөрдү иш жүзүндө колдонуу максатында жаш кабарчылар,өз алдынча видеосюжеттерди тартышты, интервью алышып, сүрөткө чагылдыралышты. Андан кийин бардык кылган жумушту иштеп чыгарышты.
Адис — тренерлер сүрөт жана видео тартууда бир нече негизги кеңештерди сунушташты. Мисалы, видео тартудагы керектүү план:
1. Алыстык планы;
2. Жарым жалпы планы;
3. Жарым ири планы;
4. “Америкалык” (ичиңден өйдө);
5. Ири планы;
6. Токоч (аябай жакын планы);
7. Деталду планы (деталдардан башка видеодо эч нерсе көрүнбөгөн учурда).
Мыкты сапаттуу сүрөт – 70% тү. Эгерде силер сүрөтүңөрдү чыгаргыңар келсе 100% -тү сапатты менен чыгарлыш керек. Сүрөттүн ар кандай размерлери бар, мисалы:
— 16*9 бул размер кино тартууда колдонулат;
— 3*4 бул сүрөттүн размери паспорт алууда колдонулат;
— 1*1 бул размер интернет үчүн колдонулат.
Семинарда каттышуучулар үйрөнгөндөн, окугандан башка эс алышты дагы, анткени алар Кыргызстандын эң кооз жери – Ысык-Көлдө болушту.
Авторлору: Айтурган Дозоева