Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) тарабынан 2011-жылы курулган Андарактагы «Азап»селканасы биринчи эле селдин каптоосуна туруштук бере албай, айыл тургундарына бир топ ыңгайсыздыкты жаратып келген.
Айыл өкмөт башчысы Бекмуратовдун ӨКМ министри Кубатбек Бороновго кайрылуусунун натыйжасында 2014-жылы ӨКМ 17800-кг цемент, 1200-кг арматура бөлүнүп берилип айыл өкмөттүн жашоочулары айыл башчы Ф.Нарзуллаев айыл тургундарынын колдоосун таап селкананын курулушу аяктаган.Бул реабилитациялык долбоордун ашуусу үчүн Сумбула айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 200-миң сом ал эми айыл тургундарынын эсебинен 230-миң каржыланды.Кылымдар бою Андарак айылынын тургундарына коркунуч туудурган «Азап» селканасынын толук кандуу иштеп кетүүсү үчүн ӨКМдин жардамына муктаждыктар айтылууда.Бул Азап селканасы жөнүндө айыл өкмөт башчысы Бекмуратов буларды айтты.
«Эгерде ӨКМ курулуш материалдар менен камсыз кылып берсе санитариялык кооптуулукту жараткан «Азап» селканасын толук кандуу бүтүрүү үчүн жашоочучуларды мобилизациялайбыз да,жергиликтүү бюджеттин эсебинен бүткөрөбүз», — дейт Бекмуратов.
Даярдаган:Төлөнбай уулу Нурсейит
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»