Сумбула айыл өкмөтүнүн Төө-Жайлоо участкасынын бир жарым миң гектар жерин Марокко чегирткеси басып, бүгүнкү күндө атайын Бишкектен учак чакырылып чегирткеге каршы иш-чара аткарулууда.
Бул чегирткенин коркунучтуу жери бир чегиртке 100-120 урук таштаганында.
Эгерде дарылоо жүргүзүлбөгөндө келерки жылда мындан да көбөйүп айыл-чарбасына каттуу зыян алып келмек. Бул Марокко чегирткелери Сумбула айыл аймагына Исфана шаар башкармалыгынын жерлеринен келип тараганы маалым болуп отурат.
Биздин айыл-аймактын дыйкандары талаа кароолдору эрте жаздан кечки күзгө чейин дайыма айдоо жерлерин кабар алып турушат. Айыл аймакта жыл сайын чегирткелерди жок кылуу маселелери Баткен областттык өсүмдүктөрдү коргоо испекциясы тарабынан иш жүзүнө ашып турат.
Бул зыянкечтер кошуналардын жерге болгон кайдыгер мамилесинен чыгып олтурат.Чегиртке баскан аймакта дыйкандар орум-жыйым иштерин аргасыздан эрте баштоого аргасыз болушту.
Даярдаган:Төлөнбай уулу Нурсейит
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»