Сумбула айыл округунда эки больница бар. Бирөөсү поликлиника, экинчиси оорукана. Оорукананын ичинде төрөт үйү бар. Ал көптөн бери иштеп азыр шарты жок болуп калган.
Бул төрөт үйү шарты жок болуп жатканына байланыштуу азыр мээрбандар да башка жерге которулуп кеткен. Бирок башка оорулардын алдын алууда азыр кыйынчылык жок. Анткени бул оорукана жаңыланган жана жакшы шартта. Бирок төрөт үйүндө кичине маселе туулат?
Бул төрөт үйүнүн сырткы жагы жакшы бирок ичинде шарт жок комнаталар суук болот. Жана анча өздөрүнүн жабдыктары жок. Бирок бул маселе акырын чечилип атат. Анткени биздин патириот агаларыбыз 10жылдык, 20-жылдык агаларыбыз өздөрүнүн жардамын аябай шарт түзүп берип атат. Анткени жылда 25-майда бирден комнаталарды эвро ремонт кылып жатат. Агаларыбызга мээрбандар рахмат айтышып өз ыраазычылыгын айтышты.
Азыркы убакта айыл айымдары Исфана шаардык төрөт үйүнө барып жатат.
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»
Даярдаган: Амантур Ганиев