Айылбызда «Саркент» деген далайга белгилүү кооз жайлообуз бар. «Саркент» жайлоосу өтө кооз жана туристтер үчүн жайлоо. Бул жайлообузду бүткүл Лейлек району билет жана кооз жайлообуз менен сыймыктанат.
Бул жайлоого туристтер үчүн толук шарт жок,бирок турисстер үчүн көп жайлар бар.Бул жайлоого баруу үчүн СССРдин убагында унаа менен барса болот эле.Азыркы кезде ал жол бузулуп калган.Учурда жайлоого баруу үчүн аттар менен чоң «Даван» ашуусун ашып өтүү керек.Жайлоого жетүү үчүн жай жүргөндө бир күн кетет.Жайлоого айыл тургундары ар жылы өзүнүн малын,койлорун алып барып багышат.
«Саркент» жайлоосунда көптөгөн кызыктуу жана жырткыч жаныбарлар бар.Жана да жайлоодо көптөгөн көлдөр,дарыялар бар.Алардын суусу аябай суук болушат.Азыркы кезде жайлоону корукка алышып,бир канча күзөтчүлөр иштеп жатышат.Кароолдордун баары куралданган.Анткени жайлоодо куралсыз жүргөн өтө кооптуу.Бул жайлоодо карышкыр,коён,аюу,суур,кабылан,илбирс,кийик,бугу,жылан,.улар ж.б жаныбарлар бар.Карышкыр менен кабылан болсо малга тийип жеп кетишет.Жадакалса аюу дагы койго тийген учурлар көп болот.
Бул жайлоодо Жашыл-Көл,Сүт-Көл,Айкөл деген кооз көлдөр бар.Бул суулар аябай суук.Жана бул суулар таза,тунук жана булганган эмес.Эмнеге дегенде бул жерлерге адам аз келет.Азыркы кезде кээ бир жаныбарлар саналуу гана калышкан.Алардын ичинен:аюу,бугу,кийиктер аз кездешет.Азыркы кезде токойдо лесхоз Ниймат байке анын өзүнүн куралы бар.Анын милдети азайып кетип жаткан жаныбарларды коргоо.Токой арчага,карагайга толгон.Ал эми токойдо коён аябай көп кездешет.Бул жайлоого эң алыскы мамлекеттерден туристтер келүүсү күтүлүүдө.Жана бул жерде шар аккан Бек-Суу дарыясы бар.Азыркы кезде «Саркент» жайлоосунун суунун көбү Тажикстанга кетип жатат.Аны Кытайдан келген өкүлдөр «Саркент» жайлоосуна кичи электростанция курууну карап чыкты.
Азыркы кезде бул долбоор ишке ашайын деп турган убагы.Эгерде Кыргыз тарап Кытай тарапка жардам менен кайрылса бул долбоор ишке ашышы толук мүмкүн.
Даярдаган: Төлөнбай уулу Нурсейит
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»