Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Ахмаджан Абдурахмановго, айылдык кенештин депутаттарына бүгүн 24-июль күнү Жамааттык ЖМКлардын Ассоциациасынын жетекчиси Жусупова Назира ошондой эле «Media RAY» коомдук фондунун директору Арипов Атабек тарабынан Уч-Коргон мультимедиа борборуна эн мыкты денгээлде көңүл бургандыгы үчүн жана акча маселеси боюнча бир далаай жардамдарды көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык катын тапшырды.
Мындан ары дагы Уч-Коргон мультимдиа борборуна жана «Media REY»коомдук фондуна колдон келген жардамдарын бере тургандыгын кошумчалады айыл башчы Ахмаджан Абдурахманов.
«Биз Үч-Коргон айыл өкмөтү дайыма жаштарды колдойбуз жана мындан ары дагы колдон келген жардамдарды аябайбыз. Мен Үч-Коргон мультимедиа борборунун координатору Ариов Атабекке тапшырма бердим жаштар маселеси боюнча форум өткөрүүнү, бул форум жаштар үчүн арналмакчы».
Арипов Атабек Уч-Коргон мультимедиа борборунун координатору жана «Media REY» коомдук фондунун жетекчиси болуп эмгектенип келүүдө. «Мен жалпы эле айыл өкмөткө ыраазычылык билдирем, анткени кандай маселе же жардам сурап келсем эч качан четке какпастан колдоо көрсөтүп келүүдө. Мен жаңы тапшырма алдым, айылдагы активтүү жаштар менен биргеликте жаштар саясатын түзүп иштешүү боюнча жана айылда форум өткөрүүгө. Мен ойлойм бюрса баары алдында анткени эртеңки келечек биз жаштардын колунда»,-деп билдирди Атабек Арипов
Даярдаган: Сабыр у Шумкарбек
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка