Түнкү саат 3:30 чамасында Андарак айылында өрт кырсыгы катталды. Өрттүн чыгуусунун так себеби азырынча белгисиз. Өрт эки адамдын үйүн жана сарайларын жалмап кетти.
Сарайлардан сырткары жабыр тарткандардын жыйылган чөптөрү да күйүп кетти. Жабыр таркандарга Сумбула айыл өкмөтүнүн башчысы Баймурат Бекмуратов жардам көрсөтүлөрүн билдирди.
“Бүгүн түнкү саат үчтө Андарак айылынан өрт кырсыгынан эки адамдын үйү жана чөп сактоочу жайлары күйүп кетти. Ошонун кесепетинен эки кошуна Кориев Нусротула жана Новрузов Халмат жабыр тартты”, — деди Бекмуратов.
Түнү менен айыл тургундары өрттү өчүрүүгө аракет кылышты. Бекмуратов жабыр тарткандарга терек бергендигин кошумчалады.
“Бул жабыр таркандарга айыл өкмөттү жана Искра айылынын тургундары келип, өрттүн очогун өчүрүүгө жардам берди. Азыркы учурда келтирилген кырсыктары эсептелинип, эл жана өкмөт тарабынан жардам берилди”, — деди Бекмуратов.
Ал эми өрттүн кантип чыкканын билүү үчүн жабыр тарткан Новрузов Халмат билдирди.
“Бүгүн менин жана кошунамдын үйү өрттөнүп кетти. Мага эл түнү менен өчүрүүгө жардам бергени үчүн рахмат айтам. Өрт мен оюм боюнча тамекинин калдыгынан же токтон чыкты”, деген оюн билдирди Новрузов.
Учурда өрттүн очогу толук өчүп бүтө элек.
Даярдаган: Камбар Асан уулу