Лейлек районун Исфана шаарында 7-август күнү жаштар менен аралашкан иш-чара болуп өттү. Ага “Тайыр” медересесинин кыздары жана жергиликтүү жашоочулар келди.
Бул акцияга Лейлек районун айылдарынан келген жаштар жана диний мекемелерде окуган кыздар катышты. Иш-чарага Жогорку кеңештин вице спикери Бөдөш Мамырова келди.
«Стимул» коомдук фондунун кызматкери Канышай Эшмамбетова иш-чара максаты ынтымактын жогорулашын билдирди.
“Биз бүгүн «Стимул» коомдук фонду Исфана шаарында аябай чоң иш-чара өткөрүп жатабыз. Иш-чаранын 1-бөлүгүндө диний мекмелерде окуган кыздардын жалпы эле жаштардын активдүүлүгүн жана ынтымагын жогорулатуу максатында жаштардын акциясын өткөрдүк. Жаштардын башын бириктирген ынтымак акциясы болуп өттү десек болот”, — деди Эшмамбетова.
Ар бир катышуучуга жаштар үчүн футболка белекке берди. Канышай Эшмамбетова Жогорку Кеңештин вице спикери менен жашоочулар жолугушканын билдирди.
“Бүгүн «Стимул» коомдук фонду Бөдөш Мамырованы Лейлек районуна чакырганбыз. Вице спикер менен жаштар жана жашоочулар жолукту”, — деп билдирди коомдук фондун кызматкери.
Акциянын катышуучусу Сардар Асанов иш-чарага катышканы жөнүндө төмөнкүлөрдү айтты:
“Бул акция негизинен мага жакты. Мени чакырган үчүн ыраазычылык билдирем. Ушундай иш-чаралар жаштар үчүн көп болуп турса деп ойлойм”, — деди катышуучу.
Катышуучулардын көбүн мектеп окуучулары түздү. Ал жерде атайын концерттик программа түзүлүп, жашоочулар үчүн Лейлек районун таланттары өнөрлөрүн көргөздү.
Даярдаган: Камбар Асан уулу