Лейлек районунун Сумбула айыл округунда жаңы милиция бөлүмчөсү иштеп жатат. Бул милиция бөлүмчөсүнүн ачылышына 3-жыл болду. Ошол үч жыл ичинде милиция кызматкерлери көптөгөн кылмыштардын алдын алуу боюнча иштешти.
-Бул милиция бөлүмчөсүнүн ачылышына себеп элдин коопсуздугун коргоо үчүн 2010-жылы кичинекей коогаландын артынан кийин курулду. Азыр бул жерде 5 милиция кызматкери кызмат кылат. Бул кызмат ишиндеги милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөр астында да иштешет. Азыркы убакта бул айылда мектеп окуучулары жашы жетелек өспүрүмдөр түңкү саат 10дон кийин эшике чыкпоосу керек, азыркы убакта Кудайга шүгүр бул айылда мал урдоо же болбосо уурулук жана башка кылмыштар жок. Бирок арaк ичип көчөдө дуу салгандар бир аз бар деп билдирди милиция кызматкерлери.
Бул бөлүмчөнүн курулушу 2010-жылда башталып бир жарым жылда бүттү ал эми ачылуу аземи 2012-жылы ачылган. Ошонон бери эле милиция кызматкерлери өздөрүнүн ак дили менен иштеп келишүүдө. Эми мындан ары да бул кызматкерлер Кыргызстан үчүн Сумбула үчүн таза жана так иштеп беришет.
Бул жерде үч маал ысык тамакты кызматкерлер өздөрү кезек менен жасап жешет экен. Жатаканасы жакшы баарында ыстык көрпөлөр. Бул жерде күндө кечки күзөттөн кийин отбой болот. Анан дежурныйда бир адам таң атканча уктабай дежурствосун өткөрөт экен. Бул жерде ар бир комнаталары ар бири армияныкындай тыккан турат.
Даярдаган: Амантур Ганиев
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»