Сумбула айыл округунун Андарак айылында эки май куйуучу заправка иштейт. Бирөөсү АЗС Дооронбек, экинчиси «Асман ОЙЛ». Бул заправкалар өздөрүнүн бензиндери менен айдоочуларды тейлеп турат.
Азс Дооранбек 2011-жылдан бери Андарак айылынын центринде жайгашып элге оздорунун Оштон келген таза бензиндери менен камсыздап турат. Бул май куючу жайдын ээси Асан Марипов төмөнкүлөрдү билдирди:
-Бул май куючу жайды иштетип жатканыма 4-жылдын жузу болду Кудайга шүгүр иш жакшы жүрүүдө. Биздин бензиндер-таза бензиндер, анткени биз өзүбүздүн бензавоз машинабыз менен атайы Ошко барып куюп алып келебиз. Биз кардарларга дайыма сылык мамиледе болушубуз керек- деп билдирди Асан Марипов.
Ал эми экинчи заправка да азыр кызуу иштеп жатат бул жердин ысымы Асман Ойл бул жерде бизде Алайлык коноктор иштешет бул жер дагы жакында эле 2013-жылдары ачылды.
Бул жер да таза май менен Сумбуланы камсыздап турат. Алсак Алайлык коноктор үй-бүлөсү менен келип иштеп кетет. Булар да элди таза бензин менен менен камсыз кылууда жана эл абдан ыраазы эки заправкага тең.
Бул жердин бензиндери Сумбула боюнча арзан баада 95-азырынча жок, 92-40сом, 80-36, Дт-39сом. Бирок кийинчерээк май акысы көтөрүлүп кетиши күтүлүүдө.
Асман Ойл бул Республика боюнча чоң бир май куйуучу жайлардын ысымы.
Эми «АЗС Дооранбек» жана Асман Ойл менен бирге болуңуз!
Даярдаган: Амантур Ганиев
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»