Бүгүн 13.07.2015 жылы Алтын-Бешик чөлкөмүнө иш сапары менен Кыргыз Республикасынын 1- вице премьер- министри Тайырбек Дүйшекеевич Сарпашевич келип, Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун жетекчилери менен жолугушту. Т. Сарпашевди Өкмөттүн Баткен облусунун Ыйгарым Укуктуу Өкүлү Ж. Разаков коштоп келди.
Күн тартибинде Жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу абалы болду.
Жыйында Т. Сарпашев: «Биометрикалык маалыматтарды чогултуу таза шайлоо өткөрүү үчүн керек. Күзүндө шайлоо болгондо биометрикалык эн тамга менен биринчи жолу шайлоого барабыз. Андан сырткары бир эле бюллетень бата турган атайын урналар келди. Демек чыныгы Элдин колдоосуна ээ болгон гана партиялар өтө алат. 20.07.2015 чейин шайлоо участкасында иштей турган операторлорду сунуштаңыздар. Биз окутуп, анан иштегенде акы төлөп беребиз операторлорго. Эгерде Ай ти адистер болсо милдеттүү түрдө жардам берсин. Себеби биометрика шайлоо үчүн эле эмес, мамлекетти башкарууну жөнөкөйлөштүрүү үчүн да керек. Жергиликтүү бийлик ээлери тездик менен шайлоочулардын тизмесин тактап бүтүңүздөр да 15-августта акыркы тизмени борбордук аппаратка бериңиздер. Шайлоого 15 күн калганга чейин жашаган ордуңуз боюнча тизмени өзгөртүп, шайлоочу өзүнө ыңгайлуу дарекке которуп алса болот. Андан кийин токтойт. Көңүл бурганыңыздарга ыракмат»- деп маалымат берди.
Кабарчы: Б. Сапаркулов