Рамазан айты жана Орозо битир, Кадыр түн- 2015- жыл, бүгүнкү күндөрү жергиликтүү тургундарга өтө кызыктуу болуп ар кандай талкуу жараткан бул темаларга Кошбулактын борбордук мечитинин Баш имам-хатиби Ислам таксыр так жооп берип, ар түрдүү талаш-тартышка чекит койду.
«13.07.2015 тен 14- июлга караган түнү Кадыр түн тособуз. 17- июль аптанын жума күнү эртең менен саат 07-00 дө Кошбулактагы борбордук «Мухаммед» мечитинде Орозо Айт» намазын окуйбуз. Ошол убакытка чейин Орозо битирди берип бүтүү керек. Орозо битирдин төмөнкү көрсөткүчү (буудайга алганда, башка мисалы жүзүмгө алса да болот) ар бир кишиге 40 сомдон туура келди. Орозо битирди мечиттерге чогултуп, анан кимге берүү керектигин кеңешип берсе туура болот»- деп маалымат берди Молдо Ислам.
Өз сөзүн муфтияттан келген фатвага негиздеп айтканын билдирди жана Бардык момун мусулмандарды Ыйык Рамазан айы менен куттуктады.
Кабарчы: Анварбек Тухтаров