Мына Ыйык Рамазан айы бүтүп, эртең жер-жерлерде мусулмандар айт намазын окууга даярдыктар көрүлүп жатат. Ошол эле учурда коомчулуктун ортосунда ар кандай суроо маселелери жаралып жатат.
Мисалы: саат канчада, жума күнү айт намазы окулса жума намазы окулабы жана башкалар. Ар ким массалык маалымат каражаттарына, же дагы бир маалымат булагына таянып айтып жатат. Натыйжада ар кандай пикир келишпестиктер да болуп жатат. Ушунун баарына чек кою үчүн Сүлүктү шаарынын баш имам хатиби Жолдошев Муса таксырды кепке тарттык:
» Орозо Айт намазы Сүлүктү шаары боюнча 17-июль саат 7—00 дө эки жерде окулат. Окулуучу жери Сүлүктү шаарынын И. Раззаков атындагы борбордук аянтында жана Кошбулакта борбордук «Мухаммед» мечит-медресесинде окулат. Мусулман агайын туугандар, Саат 6 дан баштап келип, орун алып турса, биз динибиз жөнүндө баян кылып берсек өтө жакшы болот.
Экинчи маселе боюнча эгерде Айт жума күнүгө туш келсе Айт намазы да, Жума намазы да өз убагында окулат.»- дейт Молдо Муса Жолдошев.
Кабарчы: Б. Сапаркулов