Быйылкы жылы биздин айылда көп эле сүйүнүчтүү кабарлар болду десек да болот. Билим уясы мектептин толук бүтүшү жана ачылышы, жаан-чачындын мол болушу, жер жемиштеринин өсүп жетилип жатышы жана башка айта берсек арбын. Жер азыктарынын эң эле негизгиси бул картошка. Картошка азыркы кезде гүлдөп жакшы жетилип келүүдө. Апта сайын үч жолу арыктарга суугат үчүн суу келет. Ал суу дал ушул картошкага суугаруу максатында колдонулат. Ал суу тоодон түз эле айылдагы арыктарга келет. Ар бир айыл тургуну картошканын мол түшүмүн каалаган эле. Сыягы алардын тилеги аткарылды окшойт. Бул картошкалар өсүп жетилип олтуруп күз айларына барып бышат. Картошкалар бышкандан кийин дыйкандар үй-бүлөсүн багуу үчүн аларды базарга алып чыгып өз баасында сатышат. Мына ушинтип дыйкандар өз камылгасын көрүп жаткан убагы.
«Суусуз өмүр жок»-деп айтылгандай эч бир жан суусуз жашай албайт. Суу көп болгондуктан картошка да өз түшүмүн мол бергидей. Ар бир дыйкан өз картошкасын жакшы карап суугарып жаткан убагы. Быйылкы жылы дыйкандарга иши оңунан түштү десек да болот.
Даярдаган:Төлөнбай уулу Нурсейит
«Клооптун журналистика мектебине тапшыруу үчүн сынакка»