Жал айылында 14 жылдан бери балык өстүрүү менен алектенген Эрмек Давлетбаев эмгегинин үзүрүн көрүп келет. Фермада балыктын ар кандай түрлөрү өстүрүлөт.
Балык багуу жолун ал досунун сунушу менен биргеликте баштаган. Ферма айылдын чекесинде жайгашкан, ал жер мурда таштанды төгүүчү жай болгон, аны тазалап анан балык багууга ылайыкташтырышкан.
Бул жерде он бир мин балык өстүрүлөт. Балыктардын бир канча түрү бар, алар асетыр, берко, карб, фарель ж.б.
Балыктарды кичинесинен багуу бул жерде болот,
төрт ай багылып, алты маал тамак берилет. Андан соң кийинки суу топтолгон жайга алмаштырылат
ал жактан төрт маал жем бериле баштайт. Жаш балыктарды Россия,Казакстан, жана башка өлкөлөрдөн алынып келип, сатып алуу баасы 8-10 сомдон он сомго чейин, аларды багып чоңойтуу 1жыл үч айды түзөт. Берүүлүүчү жемдер атайын Даниядан алынып келинип, анын килограммы 120сом болот, бир балык аны бир жылда жеп түгөтөт.
Жеке ишкер Эрмек Давлетбаев дагы буларды кошумчалады.
«Кыргызстанда суу кенен, андыктан бул иш менен алектенүү пайдалуу. Буларды багуу оорчулук деле туудурбайт. Канча акча үнөмдөлсө устунө-үстү жемишин берет.»-деди ал.
Ошондой эле фермер бизнес өнөктөшү менен биргеликте балык өстүрүү боюнча окуу борборун ачышкан. Бул борбордон өлкөнүн ар бурчунан каалочулар келип балык багууну үйрөнүшүп, азыркы тапта өздөрүнүн фермасын ачууга үлгүрүшкөн. Ошондой эле учурда да окуп үйрөнүү акысыз жүргүзүлөт.
Даярдаган: Зинат Аптабалиева.