Памела Людвиг пандемияга чейин Жалал-Абад облусунда ыктыярчы болчу. Ал мектептеги мугалимдерге чет тилин үйрөтүүдөгү өз тажрыйбасы менен бөлүшүп келген. Кыргызстанда коронавирус илдети жаңы башталганда ал Америкага кайтууга аргасыз болгон. Бирок, андан бери Кыргызстан менен байланышын үзгөн эмес.
Памела айым Жалал – Абад шаарында англис тилчи мугалимдерге өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, бирге сабак өтүп, сабактан кийин ийримдерди уюштурчу. Бирок, дүйнөлүк пандемия башталганда ал Тынчтык Корпусунун ыктыярчылары менен бирге өз мекенине кайткан. Ошентсе дагы, учурда ал кыргызстандык мугалимдерге онлайн вебинарларды өтүп жаткан маалы.
“Мен чогуу иштеген мугалимдер жана окуучуларым менен бекем мамиле түзүп, пандемия шартында дагы тыгыз байланышта болуп турууга аракет кылып жатам. Америкага кайтып келгенден кийин деле, мугалимдерге онлайн семинар, вебинарларды өткөрүп келем. Башында бул мүмкүнчүлүк мени жамаатым менен байланышта болууга шарт түзөт экен деп сүйүндүм. Бирок, пандемия узакка созулуп, Кыргызстандын билим берүү системасы өзгөрүп баштагандыктан, бул семинарлар манилүү экенин түшүндүм».
Берилген темага жараша, оффлайн семинарларда мен катышуучуларды кичине топтордо талкуулап, өздөрүнүн материалдарын же көнүгүүлөрүн иштеп чыгууну суранчумун. Онлайн семинарда чогуу окуу жана катышуучулардын теманы түшүнгөнүн текшерүү абдан кыйын дейт ыктырчы.
“Азыркы учурда, технология жана онлайн окутууга байланыштуу кошумча билим, маалымат абдан керек болуп жатат. Ошондуктан, семинарлар пайдалуу жана эффективдүү болуш үчүн, мен дагы өзүм көп материалдарды окуп, изилдеп, аларды катышуучуларга тартуулап жатам. Онлайн форматтагы окутуу, класстагы окутуу (оффлайн) форматынан кыйла айырмаланат экен. Онлайн семинарларга көбүрөөк адам катыша алса, оффлайн форматта катышуучулар менен чогуу интерактивдүү семинар өткөрсө болот. Негизи, катышуучуларга суроо берип, алар өздөрү жооп издеп, тапканы жагат. Ал эми онлайн семинарда мен өзүм лекция өтүп, кайра жоопторду да өзүм берип калам…», — дейт Памела айым.
Апрель айынан баштап пландаштырылган долбоорлор, пандемияга карабай онлайн түрүндө улантылып жатканы мугалимдер үчүн жакшы өбөлгө болууда. Бүгүнкү күнгө чейин жалпысынан жыйырмадан ашык вебинарлар өткөрүлгөн. Алардын арасында мугалимдерди аралыктан окутууга даярдаган программалар да болгон. Жалал-Абад шаарындагы Америка ресурсттук борборунун координатору Манас Мурзалиев бизге берген маегинде онлайн вебинарлар кандай жүрүп жаткандыгына токтолду.
“Март айынын аягында Памелага мугалимдер үчүн англис тилин окутуунун усулу боюнча тренингди онлайн өткөрүүнү сунуш кылдым. Ал ойлонбой туруп эле макул болду. Вебинар Stream Yard (Face Book) — платформасы аркылуу өткөрүлүп жатат. Максаты англис тилин окуткан мугалимдерге усулдук жактан кесипкөйлугүн жогорулатуу. Азыркы күнгө чейин «англис тилин окутуунун усулу» боюнча 20дан ашык тема боюнча вебинар өткөрдүк. Мисал катары алсак: окутуунун усулдарын аралыктан окутууга адаптациялоо, англис тилин окутуудагы онлайн ресурстарды колдонуу, азыркы учурдагы чет тилин окутуудагы көйгөйлөр, окутуунун инновациялык усулдары жана башкалар темалар бар”.
2006 жылы тарых илиминен магистратураны аяктаган Памела айым, 2007- жылы англис тилин чет тил катары окуткан сертификат алып, англис тил мугалими болуп иштеп баштаган. Кыргызстанга келгенге чейин Тунис, Аргентина жана Сауд Арабияда да эмгектенгенин билдирди.
Кыргызстанда тогуз ай ыктыярчылык кылган Памела айым, кыргыз өкмөтү жана Тынчтык Корпусу кайрадан Кыргызстанга ыктыярчыларды чакыра баштаганда дароо эле барам деген пикирин билдирди.
“Мен 27 ай толук кызмат кылып, дагы кошумча 1 жыл иштейм деген үмүттө болчумун. Өзүмдүн жеке жана кесиптик максаттарым менен бирге, менин жамаатыма пайда келтирген көптөгөн пландар бар болчу. Азыркы абалга байланыштуу, билимди жогорулатуу технологиясы, онлайн окуу жана окутуу, саламаттык сактоо кызматкерлерине англис тилин үйрөтүү жана үйдө окуган балдардын үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүү муктаждыгы пайда болот. Бул жаңы чындык — жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана кыйынчылыктарды алып келет. Бирок жүрөгүмдөн орун алган Кыргызстанга колумдан келген жардамымды бергенге даярмын».
Белгилей кетсек, Кыргызстанга АКШнын ыктыярчылары 1993-жылдан тарта келе баштаган. Ошол жылы Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын өкмөттөрүнүн ортосунда кол коюлган расмий макулдашуунун негизинде Тынчтык Корпусу ачылган. Ошондон бери Кыргызстанда англис тилин окутуу долбоору ишке ашырлып келет. Жыл сайын 50гө жакын ыктыярчы келип, эки жыл бою жергиликтүү мектептерде эмгектенишет.
Окуучулар чет өлкөлүк ыктыярчылардан тил үйрөнүүгө кызыгат
Керектүү! Англис тилин өздөштүрүүгө акысыз ресурстар
Касиет Кубанычбек кызы