Ысык-Көл облусунун, Туп районуна караштуу Арал айылынын тургуну ишкер айым Роза Корпобаева бала чагынан бери кол өнөрчүлүк менен алектенет. Ал шырдак, кармооч, улуттук баш кийимдерди жана кызга сеп даярдайт. Анын жасаган иштери аймактан тышкаркы адамдардын да кызыгуусун жаратууда.
Кол өнөрчүлүк анын хоббиси экенин айткан Роза Корпобаева кичинекей кезинде апасынан, тайенесинен бул өнөрдү өздүштүрүп алган. Ошентип, 3-классынан тарта мындай нерселерди жасай баштаган. Учурда атайын буйрутма менен кызга сеп жана башка буюмдарды жасайт. Ушул күнгө чейин бир күнүм дагы ийне жип кармабай өткөн эмес дейт кол өнөрчү:
«Мен бул кол- өнөрчүлүк менен 1995-жылдан бери такай иштеп келем. Негизи бала чагыман бери эле жактырчумун. Кичирээк кезимде чий баркытка сайма сайып, алгачкы жөндөмүмдү ойготком. Бир аз чоңойгондо көптөгөн кол- өнөрчүлүк иштерди жасадым.
Таенем, апам ушундай уз айымдардан эле. Алардан көрүп отуруп кызыгуум күч алган. Кийин турмуш куруп, бир аз убакыт кармабай калдым. Союз тарагандан кийин кайрадан кесибиме кириштим. Ошол күндөн ушул күнгө чейин кесибим менен ийгиликтүү иштерди жасап келем. Кудайым берген өнөрдү, кудайым карап турат экен. Ар бир жасаган ишим алгылыктуу жүрүп келе жатат. Эгер туура эмес болуп көңүлүмө тойбосо кайра согом. Бирок кездемени, жип-шууну текке кетирбегенге аракет кылам. Жарабай калды деп ыргытып ийбейм, жаратканга аракет кылам. Иштеримди заказ менен жасайм. Заказдар келбесе атайын жыйып коюп сатыкка койбойм.
Көптөгөн кыз-келиндерге сеп жасадым. Көбүнчө жууркан, төшөк, баш кийимдерге басым жасап жатам. Негизи эле мен жасабаган иш калган жок десем болот. Материалдарды Каракол шаарынан алам. Кээ бир убактарда Бишкек шаарындагы «Мадина» базарынан алганга туура келет. Себеби, кардарлардын суроо талабына, каражатына жараша болот. Кээде арзан кездеме болгону менен сапаттуу кылып жасап берсем кымбаттай көрүнөт. Бир күндө миң сомго чейин тапкан учурларым болот. Мен бул ишим менен балдарымдын бутуна туруусуна чоң өбөлгө болду десем жанылышпайм», -деп билдирди Роза Корпокева.
Роза айым буйрутманы айылдаштарынын капчыгына туура келгендей кылып жасоого аракет кылат. Кол өнөрчүлүк атадан балага, энеден кызга өтүүчү мурас экенин айтып балдарынын дагы бул ишке жөндөмдөрү бар экенин кошумчалады:
«Жолдошум Акбар экөөбүздүн беш балабыз бар: эки уул, үч кыз. Баары өздөрүнүн турмуш жолунда. Он беш неберем бар. Буюрса дагы бир небере күтүп атабыз. Эң улуу неберем 8-класс, кичүүсү жакында төрөлөт. Балдарыбыздын улуусу Бекзат аялы Назгүл. Төрт баланын ата-энеси. Бекзаттын дагы колу жөндөмдүү, көп иштерди жасайт. Келиним дагы менин жолумду жолдоп, кол өнөрчүлүккө кызыгат. Кыздарымда дагы талант бар, тажрыйбалары аз болсо дагы мен жасагандай жасашат. Эли-журтума дайыма ыраазычылык билдирем. Себеби алар менин ишиме баа берип, колдошту «.
Айжан Мырзабекова