Бирдин айынын аягында 2021 – жылы Бишкек шаарында «Айыл Өнүктүрүү» (RDF) коомдук фонду тарабынан уюштурулган »Жаштар биомаданий артүрдүүлүк үчүн» деген аталышы конкурсту жыйынтоочу иш – чара болуп өттү.
Женүүчүлөр сыйлык алышты
Жеңүүчүлөрдүн сыйлоо аземине Нарын облусунун Ат-Башы районунун, Баткен облусунун Лейлек районунун, Жалал-Абад шаарынан ,Чүй облусунун Кемин жана Сокулук районунун окуучулары жана Бишкек шаарынын жогорку окуу жайларынын студенттери катышышты. Иш – чарага Монголия, Бурятия, Россия жана Кыргызстандан салттуу билимди сактоочулар жана экологдор катышышты. Өз элинде салттуу билимди сактап жана жайылтып жүрүүчүлөр бала чактары жана жетишкен ийгиликтери жөнүндө жаштарга айтып беришти.
Мастер-класс өтүүдө
Кыргызстандын Кемин районунун Шабдан айылынын тургуну, КЭАК – кыргыз эл акыл казына тармагынын жетекчиси Алтын Джанышбаева жаштарга кийиз менен иштөө жана куурма чайдын жасалыш ыкмасын көргөзүп берди.
Онлайн жолугушуу
Монголия өлкөсүнөн Оюнбаатыр Самонго шаарынан жыйырма километр аралыкта жайгашкан аймакта парк түзгөнүн жана эндемикалык дары өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды сактап калуу башкы милдети экенин билдирди. Тилибиз жана дилибиз башка болгону менен максатыбыз бир, ата- бабалардан калган жерибизди сактап жаш муундарыбызга өткөзүп беришибиз керек.
Монголия өлкөсүндө жайгашкан »ARGA BILIG» фондунун жетекчиси Алтанцецег Цедендамба:
»Билим алуу эч качан ашыктык кылбайт. Апам балдар бакчасында иштегендиктен чогуу жүрүп орус тилин үйрөнүп алдым, көп жылдан бери котормочу болуп эмгектендим. Азыр биздин фонд салттуу билимди жана ата- баба мурастарын сактап калуу иштерин алып барабыз», – деп билдирди.
Салттуу билимди жайылтуучулар жана сактоочуулардын насааттарын уккан конкурстун жеңүүчү жаштары үйлөрүнө таасирленип жана шыктанып кайтышты.
Салттуу маданият окуучулардын көзү менен
Айсулуу Нурматова