Токбай айылынын ынтымактуу тургундары каражат чогултуп ушул жылга түлɵɵ ɵткɵзүштү. Айылдын эркектери курмандыка мал союшуп, кыз-келиндери жети нан жасап, жыт чыгарышты. Токбайдын ак сакалы Сардар чоң ата кудайдан тынчтыкты тилеп куран окуду.
«Кыргыз эли эзелтеден бери түлɵɵ берип, элге-жерге токчулук, ынтымак, тынчтык тилеп келишкен. Түлɵнүн атайын ырым-жырымдары бар.»- деди айыл тургуну Расбердиева Ж.
Кыргыздар арасында ислам дини 9-11 кылымдарда таркаган. Ага чейин кыргыз эли улуу Тенирге ишенип курмандык чалып турушкан. Ар бир табигий кубулушка тан калып сыйынып турушкан. Ушул түлɵɵ берүү салты да кыргыздарда ошол убактан калса керек.
Даярдаган: Орозбекова Аяна 5в класс.