
Айыл – кыштакта кеңири тараган көп жылдык өсүмдүк. Жалбырактары сабактуу, дого сымал тарамыштуу келет.
Гүлдөрү майда келип, сабынын учтарында чогулуп жайгашып, топ гүлдүү машакты пайда кылат. Май айында гүлдөп, июнь-сентябрь айларында мөмөлөйт. Пайдалуу бөлүгү – жалбырактары. Бака жалбыракты суук тийгенге каршы, жараны эрте айыктыруучу, какырык чыгаруучу дары катары жана ич катканда колдонушат. Жаңы жуулган таза жалбырагын ириңдүү жараларга жана чыйкан чыкканда компресс түрүндө пайдаланса болот.
Даярдаган: Бейшенбек кызы Адинай