Чолпон айылынын тургуну Жазмина Алияскарова бир нече кесиптердин ээси. Ал чач тарач, ырчы, визажист жана бир үйдүн кожойкеси.
Жазмина талаттуу инсан. Себеби ал көптөгөн кесиптерди аркалайт. Бул кесиптин ээси болушуна өзүнүн таланты жана кайын энеси Коён апанын кенеши түрткү болгон. 2020-жылы 4-мартта Чолпон айылын да «Жасмин» сулуулук салонун ачкан. Салондун иштешине үй-бүлөсүнүн колдоосу чоң болгон. Салон жөнүндө Жазмина төмөндөгүлөрдү айтты:
«Чолпон айылы чон болсо дагы эч кандай сулуулук салону жок эле. Бир баланын чачын алдырыш үчүн Кочкорго барып келүүгө туура келген. Бул айыл тургундары үчүн биринчиден убактысы кетсе, экинчиден финансылык кыйынчылыктарды жараткан. Ошондой эле салондон кыз- келиндер үчүн да ар түрдүү кызматтар аткарылат. Мисалы: тырмак өстүрүү, боё, кирпик чаптоо, чач кыркуу. Же башкача айтканда мен өзүмдү «Мастер универсал»- деп айтат.
Салонго Чолпондон, Туздан, Молдо Кылычтан,Оро Башыдан кардарлар келип, аларга ар кандай кызматтар көрсөтүлөт. Салон санитардык- гигиеналык эрежелерге толук жооп берет. Ал булар боюнча айтып берди:
«Мен салондо ар түрдүү белгилүү фирмалардын продукцияларын колдоном. Көбүнчө сапатка көңүл бурам. Мага жаккан фирма «Estel» ошондой эле бул фирманы өз кардарларыма дагы сунуштайм. Салон көпчүлүк үчүн иштегендиктен дайыма санитардык-гигиеналык эрежелерди сактайм. Тарактарды, ар түрдүү инструменттерди дайыма хлор менен тазалап турам».
Жазмина ар өнөрдүн ээси. Анын дагы бир өзгөчө талантты тойлордо «Жар-жар» айтуу. Ал өз сөзүндө айткандай «Жар-жар» айтуу анын хоббиси…
Ишкер айымдын ишине жолдошу Асан Карыпов дагы чон ишеним менен карайт. Жазмина үч уулдун апасы жана сүйүктүү жубай.
Башкалар үчүн бул кесип жөнөкөй көрүнгөнү менен Жазмина үчүн өтө баркттуу, сыйлуу кесиптердин бири. Анткени ал өз ишин чын жүрөктөн сүйүп, өтө берилгендик менен аткарат.
Асема Сүйүндүкова