Нарын облусунунун Кочкор районуна караштуу Ара-Көл жалпы орто билим берүүчү мектебинде «Окуу керемет» долбоорунун негизинде семинар болуп өттү. Ага Кочкор районунун ар бир мектебинен жалпы 43 мугалим жана Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнөн өкүлдөрү катышты.
Ара-Көл орто мектебинин жалпы жааматы
Семинарды мектеп директору Рысбек Айдаркулов сөз сүйлөп ачып берди. Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгынын негизинде улуттук наркты жана Нооруз майрамын чагылдырып окуучулардын жана жалпы мектеп жамаатынын 1-2- көшөгөдөн турган кыргыздын улуттук оюн, ыр, каада салттарын чагылдырышты.
Иш чара райондук билим берүү тарабынан Ара-Көл жалпы орто билим берүүчү мектебине берилип, 15-март күнү өткөзүлдү. Концерт улуттук кийимдер, улуттук жасалгалар, улуттук оюндар менен коштолду. Андан соң мугалимдерге билеттер таратылып билим дүйнөсүнө саякатка класстарга бөлүнүштү. Долбоордун негизинде ачык сабактарды 1-класстын мугалими Кумар Макмутова, 2-класстын мугалими Гүлмира Койлубаева, 3-класстын мугалими Насира Ибраимиова, 4- класстын мугалими Айжан Дөөлөталиева өтүштү. Андан соң 1-4-класстардын «Окуу керемет» аттуу башталгыч класстардын концерти болду. Семинарды жыйынтыгында келген меймандар өз ой пикирин, каалоо тилек сунуштарын айтышып, жалпысынан эң мыкты деген бааларды беришип жыйынтыкталды.
Келген коноктор үчүн ар кандай иш чаралар болду
Иш чарадан бир көрүнүш
Нуртилек Айтбеков