Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айылынын Жеңишбек Ашымов мектебинин директору Гүлжамал Жаңыбаевага «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» деген ардактуу наамга ээ болду. Ал мамлекет башчы Садыр Жапаров 125 кыргызстандыкка мамлекеттик сыйлык тапшырып жатканда сыйлыгын алган.
Гүлжамал Жаңыбаева кесибиңди сүйсөң анын оорчулугу, татаалдыгы деле сезилберин айтат. Ошондой эле жумушта жан дилиң менен берилип иштесе сөзсүз ийгиликке жетээрине ишенет. Буга чейин деле көптөгөн ийгиликтерди багындырган бирок бул сыйлык өзгөчө болгонун билдирди:
“Буга чейин деле акимчиликтин грамотасынан баштап, министрликтин громаталарын, билим берүүнүн отличниги, профсоюздун отличниги, “Кыргызстандын ардактуу айымы», -деген жогорку сыйлыктарга татыгам. Бул жолкусунда «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» деген ардактуу наамга ээ болдум”.
Гүлжамал Жаңыбаева 43жылдан бери агартуу тармагына арнап анын 21жылын жетекчилик кызматта иштеген. Мугалимдик кесипти бала кезинен сүйүп аркалаганын айтат:
“Мен Түп районунун Арал айылында 1956-жылы туулуп өскөм.Ушул эле мектепти 1973-жылы ийгиликтүү аяктап,Караколдогу педагогикалык институтка 1974-жылы тапшырып,1978-жылы ийгиликтүү аяктадым. Ошол эле жылы иштеп баштадым. Ошондон бери ишимди үзбөй эмгектенип келем. Ошол себептүү бөлөк ишке да өткөн жокмун.
«Дарак бир жерден көгөрөт «-дегендей бул мектепти окуп бүтүп, ушул айылыма турмушка чыгып,ушул жерде агарып-көгөрүп,мына ушул татыктуу сыйлыка жетип отурам. 21жылдын ичинде «Ашымов»мектебин Республикага таанылган мектепке жеткирдим. Көптөгөн семинарларды,иш-чараларды өттүк. Миллиондогон сомго инвестицияларды тартып келдик.Эң эле жөнөкөйү 2010-жылы жаңы мектепти салдырдым.Андан кийин жааматтык бала-бакчаларды биринчилерден болуп ачтым.Ашканада окуучуларга ысык тамакты кийирдим.Азыркы учурда спортзал курулуп,аяктоонун астында турат.Бул да болсо менин жана мугалимдер жааматынын эмгеги деп эсептейм”,-деп билдирди Гүлжамал Жаңыбаева.
Гүлжамал Жаңыбаева тарбиялап өстүргөн окуучуларды көрүп дем-күч алып андан ары дагы иштегенге шыктанууда.
Белгилей кетсек, мамлекеттик сыйлыктар 125 адамга тапшырылды. Алардын арасында врачтар, мугалимдер, спорт машыктыруучулары, журналисттер, маданият ишмерлери, ишкерлер жана башкалар бар.
Айжан Мырзабекова