Арбын айылында бак дарактардын азаюусу элди бир жагынан кейитсе, жакында эле алардын санын көбөйтүү максатында 10 гектар жерге бадам эгилген.
Мунун негизги максаты жаратылышты коргоо жана ага кам көрүү. Андан тышкары кырсыктардан сактануу үчүн, мисалы: бадамдын таамыры 10 метрге жеткендиктен ал жер көчкүдөн сактайт.
«Бул иш чара ПРООН тарабынан колдоого алынып ага Арбын айылынын тургундары катышышты»-деди айыл башчы Кайыпов Асан.
“Бул бадамдар чоңойгондо анын мөмөсү кыргызстанга пайда келтирет ошондой эле Кыргызстандын өнүгүшүнө жардам берет”, -деди айыл тургуну Мамажунусова Айгүл эже.
Даярдаган:Азимова Нурзат