Күркүрөгөн куз айында Кеңеш нуру мультимедия борборунун ыктыярчылары, өз окуусун өркүндөтүш максатында Бишкекке барып тренерлик сабагына катышып келишкен.
Бул тууралуу Кенеш нуру мультимедия борборунун координатору Женишбек Абсатаров төмөндөгүлөрдү билдирди: “Биздин негизги максатыбыз ыктыярчылар аркылуу айыл аймактарынан ар кандай малыматтарды алып, мультимедиялык борбор аркылуу Кыргызстандын булун бурчуна жеткирүү”.
Тренерлер үчүн тренинг сабагында окуган, уйрөнгөн нерселери боюнча Карим кызы Динара окуучулар менен ой бөлүшту. «Биз ал жерде компьютер менен иштешти, кантип кабарчы алып баруучу болуунун сырларын жана жаңылыктарды кантип сайттарга киргизүүнү үйрөндүк»- деди өз сөзүндө Карим кызы Динара.
Динаранын сөзүн уккан окуучулар ага таң калышып «биз дагы сизге окшоп ыктыярчыболгубуз келет» деген ойлорун билдиришти.
Даярдаган:Тойчубай уулу Баяман