Арбын айылында таза суунун жоктугунан балдар көптөгөн оорулар менен ооруп жаткандыгына кейип-кепчип келишкен. Көптөн бери чечилбей жаткан маселе эми чечилип, эл таза суу менен камсыз болду.
Таза суу маселеси чогулуш- жыйындарда көп жолу көтөрүлгөн. Бул маселени чечүүдө айыл тургундарынын кошкон салымы чоң. Элден таза сууга деп 12 жыл мурун акча топтолгону менен, айыл өкмөттөр алмашып олтуруп, таза сууну чыгаруу маселеси көпкө чейин созулуп келди.
Айыл тургуну Осмоналиев Жумабек ошол 12 жылдан бери таза суу чыгартам деп, анын артынан эң көп чуркаган активист. Анын айтымында, бул эл өзү колго албаса, бул маселе дагы да чечилбей калмак.
«Бул ишти күтүп олтурсак өкмөттөн эч кандай пайда болбогондуктан биз өзүбүз жапырт ишке киришкенбиз. Ошентип олтуруп 30 дай адам жумушту өз колдоруна алышкан»,-деди Осмоналиев Жумабек ага
Таза суунун чыгышы менен айылдын турмушу бир топ оңдолот деп ишенишет тургундар. Буга чейин арыктагы кир сууну ичип, жаш балдар ооруп да калышчу, дейт айыл тургуну Алима эже:
«Таза сууну пайдаланганыбызга 10 күн болуп калды. Арыктан суу ичип жүргөндө, булганган сууну ичип балдарыбыз ооруга көп дуушар болушат эле. Азыр өз тилек- мүдөөбүзгө жетип, айыл тургундары баарыбыз кубанып калдык. Таза сууну камсыз кылгандарга ыраазычылыгымды билдирем».
Суу үчүн эми айылдагы ар бир үй-бүлө ай сайын 200 сом төлөп туруш керек. Болбосо, убакыт өткөндөн кийин, суунун куурлары эскирип, эл кайра ичкенге таза суусу жок калышы мүмкүн.
Даярдагандар: Нурзат Азимова жана Баяман Тойчубай уулу