Тасма айылында 8 айылдын катышуусу менен ВИЧ инфекциясын алдын алуу боюнча 5 айлык акция болуп өттү. Бул тууралуу Түп райондук ден-соолук комитетинин төрагасы Ысык-Көл облусу боюнча ден-соолук комитеттер акциясынын Бишкектеги башкармачылыгынын мүчөсү Керимбек Мукамбетов буларды билдирди: «Бул акциянын жүрүп жаткандыгынын себеби 2014-жылдын 5-июлунда Кыргыз өкмөтүнүн туруктуу өкүлчүлүгү Ысык-Көл облусу боюнча Каптагаев Эрмек Саламатовичтин облустук атайын тескемеси чыккан.
Ысык-Көл облусунда айылдык ден-соолук комитеттеринин демилгесин колдоо менен 5 айлык акция жарыялоо. Акцияны жарыялоонун максаты жаштардын, калктын айрыкча мигранттардын арасында СПИД илдетин алдын алуу жана ошого жараша бекер тестирлөө. Мындайча айтканда акысыз анализ тапшыруу, өздөрүнүн ден-соолугун байкоо. Ошол боюнча бизде Түп районунда төрт аймакка бөлүп, төрт аймакта тең акциянын жыйынтыктары жүрүп атат. Бүгүн үчүнчү аймак болуп Карасаев айыл өкмөтүндө өтүүдө. Биздин демилге менен уюшулган иш чара колдоого алынды айыл өкмөттөрү, айылдык кеңештин депутаттары, ФАПтар менен иш алып барып атабыз. Биз ойлойбуз келечекте бул илдетти биргелешип жок кылууга мүмкүн экендигине»
Акциянын жүрүшү жөнүндө Кош-Дөбө айылдык ден- соолук комитетинин мүчөсү Саркушова Айгүл мындай дейт:
-Бул жөнүндө айыл тургундары маалымат алыштыбы?
-Алышты, кан тапшыртканбыз, плакаттарыбыз илинген элдерди чогултуп, мигранттарды чогултуп медайым эжеге алып барып кан тапшыртканбыз. Мигранттардан дагы айыл, шаар жергесине жугуп жатат. Кан тапшыргандардын жыйынтыгы жакшы чыкты деп ойлойбуз.
Болуп өткөн акциянын жогорку деңгээлде өткөндүгү тууралуу мектеп окуучусу Мээрим Абышова буларды билдирди:
Бул акцияда биз өзүбүзгө көптөгөн маалыматарды ала алдык себеби дегенде бул акциядагы сценкаларда СПИДдин кандай жолдор менен жугаарын билип алдык. СПИД үч жол менен жугат энеден балага, кан аркылуу жана жыныстык жол аркылуу, жана мындан ары биз кантип сактанышты билип алдык.»
Жыйырма биринчи кылымдын эң коркунучтуу дарты болгон СПИД оорусун алдын алуу боюнча иш чаралар өткөрүлүп турса айыл тургундарынын ден-соолугуна кам көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт деген үмүттөбүз.
Даярдагандар: Айдай Амантурова, Муратбек Жумакадыров