Баетов айылынын Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинин бир класстык бөлмөсүнө ата-энелер демөөрчү болуп, техникалык каражаттарды сатып беришти. 2-класстын окуучуларынын ата энелер комитетинин төрагасы А. Жаңылышов «Ата энелер менен сүйлөшүп балдарыбыз окуган кабинетке 30800 сомго проектор, DVD ойноткуч жана экран алып бердик. Балдарыбыздын келечегине кам көрүп, мектепке бир аз болсо да салым кошуп жатабыз» дейт.