Барскоон айылында футбол сүйүүчүлөр абдан көп жана алар футбол таймаштарына катышып ийгиликтерди багындырып келишкен.
Кээде жеӊишти колдон чыгарып жиберген учурлар да болот. Себеби, футбол талаасы жок болуп, мектептин аянтчасында машыгып келишкен. Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтү жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу үчүн футбол талаасын куруу демилгесин көтөрүп чыккан. Курулушка кеткен чыгымдар жөнүндө Барскоон айыл аймагынын жоопту катчысы Жаныгулова Азимкүл Турсуналиевна төмөндөгүлөргө токтолду:
«Биздин айыл өкмөтүбүздүн башчысы Руслан Төлөнович демилге көтөрүп, жаштарды колдоо деген бир программа бар ошонун негизинде биз атайын долбоор жаздык. Ошол долбоордун негизинде республикалык бюджетке кайрылып, «Стимул берүүчү грантка» кайрылуу жазганда алар колдоо көрсөтүшүп, 3 млн 470 миң суммадагы акча бөлүп берди . Ошонун негизинде курулуп жатат. Буюрса, курулушу бүтөйүн деп калды жакынкы аралыкта ишке берилет деп ойлоп жатабыз . Өздүк салымы 10% болду, 370 миң сомду биз өзүбүздүн бюджеттен 10%ын салым кылдык ошонун негизинде курулуп бүтүп калды. »
Курулуш иштери боюнча иштеп жаткан Дайыр Жолдош уулунан кандай кыйынчылыктар болуп жаткандыгы жөнүндө кабарчыбыз Дилбара Сыдыкбекова билип келген:
-Футбол талаасын курууда кандай тоскоолдуктар болуп жатат?
-«Футбол талаасын куруп жатканда кар түшүп, бир аз суук болуп, жерлер тоңуп кыйналып жатабыз. Кыйынчылык болсо да аракет кылып бүтүрүп жатабыз.»
-Футбол талаасын кайсы убакытка бүтүрөсүз?
— «Жаңы жылга бүтүп калат го дейм».
Азамат Максат уулу айылдагы футбол сүйүүчүлөрүн бири. Ал футбол талаасы курулуп жатканына кубанганын жашырган жок.
-Футбол талаасынын курулушуна көз карашыныз кандай?
— «Бардык эле оюнчулар кубанычтабыз. Футбол талаасы курулуп бүтсө, көптөгөн ийгиликтерге жеткенге айылыбыздын оюн боюнча атын чыгарып, далай-далай ийгиликтерди алып келгенге аракет кылабыз».
Спорт- ден-соолуктун булагы дегендей айыл жаштары үчүн спорт менен машыгууга дагы жакшы шарттар түзүлөт деген ишеничтебиз.
Даярдагандар: Дилбара Сыдыкбекова, Асель Асанова.