Ысык-Көл облусунун Барскоон айылында 8 миӊден ашык адам жашайт. Аларга бир тиш дарыгери жетишпегендиктен Кызыл-Суу айылынан тиш дарыгерлер тобу келип азыркы учурда иштөөдө.
Барскоон үй бүлөлүк дарыгергерлер тобунда эки тиш дарыгери эмгектенип, тиштерди дарылоо жана тиш салуу кызматын көрсөтүп жатышат. Алардын иштөө мөөнөтү эртеӊ мененки саат 8.00 дөн кечки 17.00 го чейин кызмат көрсөтүшөт. Айыл тургундары үчүн бул жаӊы дарыгерлердин келиши жеӊилдиктерди келтирүүдө.
Тиш дарыгери Төлөев Санжар өзүнүн иши жөнүндө кабарчыбыз Мунара Имеркул кызына айтып берген:
-«Бизге башка айылдардан да келип дарыланып кетишет, анткени райондук стоматологиялар алыс болгондуктан башка айылдардан да дарыланып кетишет»
-Бир күндө канча кардарлар келип дарыланышат?
-«Бейтаптарды айтсак күнүнө ар кандай келишет 5- 6 же андан жогору болот»
Тиш дарылатып жаткан бейтап Ислам Асанов дарыгерлердин иши жөнүндө төмөндөгүлөргө токтолду:
«Бир жыл мурун Покровкага барып пломба салдыргам ошол түшүп калып анан кайра бул жерден жаңы тиш салдырганы келгем.»
Тиш дарыгерлеринин иши канааттандырып жатабы?
-«Ооба, канааттандырып жатат»- деп билдирди Ислам Асанов.
«Дени сактын –эли сак» дегендей айыл тургундарынын ден соолугуна кам көргөн дарыгерлерге ийгилик каалайбыз.
Даярдагандар:Эрлан Абласов, Альбина Таалайбекова.