Барскоон айылындагы жамааттык мультимедиа борбору жаңы ачылгандыктан көптөгөн окуутулар өтүлүүдө. 24-25-ноябрда ыктыярчылар үчүн 2 күндүк тренинг болуп өттү.
Тренингдин максатын билүү үчүн кабарчыбыз Жанек Тимуров тренингдин окутуучусу Айзада Калканбековага кайрылды:
—Тренингдин максаты тууралуу айтсаңыз?
—Барскоон FM жамааттык мультимедиа борборунда эмкектенген ыктыярчыларды жаңылык даярдоого, монтаждоого жана интернет сайтка кантип коюуга үйрөтүү болуп эсептелинет.
—Тренинг ким тарабынан колдоого алынып жатат?
—Германиянын Немец толкуну академиясынын каржылоосу менен уюштурулуп жатат. Барскоон FM жамааттык мультимедиа борборуна 3500 миң сом өлчөмүндөгү колдоону көрсөтүштү. Бирдиктерди жүктөө же болбосо интернет акысын төлөө үчүн ушул акчаларды колдонушат.
—Балдардын жөндөмдүүлүгү кандай болуп жатат?
—Балдардын жөндөмдүүлүгү абдан жакшы булар мектептин окуучулары болгондуктан абдан жигердүү экен. Азыр баардыгына кызыгып турган учуру. Өзгөчө техиника менен иштөөгө компьютерден монтаж жасоого абдан кызыгып жатышыт.
Барскоон FM жаматтык мультимедиа борборунун координатору Гүлкайыр Осмоналиева тренинг жөнүндө оюн билдирди:
—Тренингдин мааниси абдан чоң. Анткени, окуучулар бул тренингде көп нерселерин үйрөнүп жатат. Маалыматтарды кандай топтош керек, аларды кантип кайра сайтка кантип чыгарыш керек. Билбеген нерселеринин баарын ушул тренингде үйрөнүп жатышат.
—Мультимедиа борборунда кимдер эмгектенишет?
—Бул мультимедиа борбордун координатору мен өзүм эмгектенем. Мындан тышкары ыктыярчылар тобу бар. Алар Э. Кендирбаев жана К. Чылабаев атындагы орто мектебинин окуучулары 8-9-11— классынын окуучулары болуп эсептелинет.
Эрлан Абласов Барскоон FM жамааттык мультимедиа
борборунун кабарчысы, ал пайдалуу тренингдердин көбүрөөк болушун каалайт:
—Тренинг абдан кызыктуу өтүп жатат. Бул тренингде биз маалымат топтогонду жана аларды сайтка киргизүүнү үйрөнүп жатабыз. Тренингде абдан көп нерсени үйрөндүк жана ошондой эле элден интервью алганды үйрөндүк. Ушундай тренингдер көп болуп турса деп ойлойм.
Барскоон FM жамааттык мультимедиа борборун ийгиликтүү иштешин каалайбыз.