Өмүрүнүн жарымын билим берүү жаатына арнаган мугалим Гүлсина Исакова 70 жашка толду.
Исакова Гулсина Капаровна 1951-жылы 1-январда Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында көп бүлөлү үй-булөдө туулган. Айылда орто мектепти 1972-жылы бүтүргөн. Эмгек үзүрүн 1973-жылы Ысык-Көл областынын Тоң районунун Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинен баштаган. 1982-жылы туулган жериндеги мектепте башталгыч класстын окуу бөлұмұнұн башчысы милдетинде эмгектенип, 1993-жылы Чодугул Байсалбекова орто мектебинин директору, кийин 2005-жылдан 2015-жылга чейин Гулсина Капарова атындагы орто мектептин директору болуп эмгектенген.
«Эл агартуунун отличниги » учурда бир уул, бир кыздын апасы жана неберелердин сыймыктуу чоң апа, таенеси.
Даярдаган: Мадина Шерматова