Мектеп окуучулары билим алуу менен эле чектелбестен ар тараптуу өз өнөрлөрүн да арттырып келишет. Сабактан тышкары ар кандай ийримдерге катышып ийгилик жараткандар да жок эмес. Айта кетсек, Барскоон айылынын тургуну
Инсан Бирназаров он жашынан баштап сүрөт тартуу жаатына кызыгып келет.
Мектеп окуучулары үчүн «Алтын оймок» райондук мелдеште биринчи орунду багындырып келди. Ал мындан тышкары сүрөт тартуу менен эле чектелбестен ар кандай гипстерге сүрөттөрдү түшүрүү жана скульптура жасоого кызыга тургандыгын айтып өттү.

«Сүрөт жаатына мен 10-11 жашыман баштап кызыгып тартып келем. Скульптура жаатында жанан кол эмгек жаатында көп катышам. Мен башында аякка баратканда көп кабатырлангам. Бирок барганда жазып кетишти иштеримди, аягында фамилиям чыгып калды. «Алтын оймок» боюнча биринчи орун деп. Мындан ары дагы катышып кол эмгек, гипс жана ушул сыяктуу материалдар менен кооз сүрөт түшүрүү».
Инсан мектепте үлгүлүү окуучулардын бири. Ал кичинекей кезинен эле ар түрдүү нерселерди жасап, сүрөт тартып мектепте жана райондогу мелдештерде байгелүү орундарды жеӊип келгендиги тууралуу Бакыт Калыкбердиева буларга токтоло кетти:

«Инсан мектепте жүрүш- турушу боюнча үлгүлүү окуучу деп айта алам. Анан сабактары жагынан жакшы «4», «5» окуйт. Ушул райондук мелдеште орун алганы адилетүү эле деп эсептейм. Көргөзмөлөрү ачылып мектепте, мактоо грамотасын берип, линейкада айтып, сүрөтү залга илинип окуучулардын алдында жакшы, жылуу сөздөр айтылды».
Уулунун бул шыгын кичинекей кезинен эле байкаган, мектеп босогосун аттагычакты эле Инсан алгач жазганды эмес сүрөт тартканды үйрөнгөндүгүн жана 5- класстан баштап мелдештерге катышып, район, облустардан I-II- байгелүү орундарды багындырып келгендиги тууралуу атасы Кенжегул Сыдыков айтып берди:

«Мен уулумдун шыгы бар экендигин кенедейинен эле байкагам. Мектепке окуганга чейин эле жазуудан биринчи сүрөт тартканды үйрөндү окшойт. Көбүнчөсү роботторду тартып анан кылыч конструкцияга жакын да. Бешинчи класстан бери катышып келе жатабыз. Көбүнчөсүн ушул кол өнөрчүлүк боюнча анан скульптура сабактарынан экөөнө катышып келет. Райондо биринчи орунду алып келе жатабыз. Облуста былтыр экинчи орун болуп калган, быйыл үчүнчү орун болуп калды. Республикага баралы десек республикада быйыл конкурс болбойт экен. Жакында боло турган скульптура боюнча конкурска даярданып жатат ушул тапта».
Инсанды мындан кийинки сынактарда да байгелүү орундарды багындырып келүүсүнө тилектешпиз.
Даярдаган: Назик Казиева, Малика Мукамедиева