Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде ХХI кылымдын интеллектуалдары конкурсу болуп өттү.

Конкурска 7-8-9-класстардын окуучулары катышып, кызыктуу болду. Катышкан окуучулар өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүп 1-2-3-орундарга ээ болуп мактоо баракчаларын алышты.

Майрамды уюштурган Айжамал Абдыкеримованын айтымында: «ХХI кылымдын интелектуалдары конкурсу аябай кызыктуу өттү, балдар биз күтпөгөн өрт өчүрүүчү роботторду, пылесосторду, каруселдерди, вертолётторду, кумду суунун жардамы менен сүзүп алуучу крандарды жасап келишиптир. Биз балдарга аябай ыраазы болдук, мындан ары да балдарыбыздын өнөрү өркүндөп мамлекетке салымын кошкон жигиттерден болсун», -деп билдирди Абдыкеримова.

Конкурстун жеңүүчүсү Марсел Абдыкалил уулунун айтымында «ХХI кылым заман өнүгүп жаткан учуру, ошондуктан замандын талабына жараша бардыгы эле технология болуп калды. Мен ушул убакытка чейин 2 жолу ушундай конкурстарга катышып сыйлыктарды алганмын, мага ушундай ойлоп табып өз эмгегим менен иштеген жагат». -деп билдирди Абдыкалил уулу.

Физика мугалими Мубара Кадырованын айтымында «Окуучулар мүмкүн болушунча өздөрүнүн интеллектине жараша жасап келишти, айрыкча Марсел өзгөчө таң калтырып жасап келиптир. Биз балдарга 1-2-3-орундар менен белгилеп сыйлык берип аларды кур калтырган жокпуз, алдыңкы орундагы балдарды райондук турга алып барсак деп турабыз. Жаштар биздин келечегибиз окуучуларга дагы да ийгиликтерди каалайбыз. Келечекте биздин айылды гулдөткөн жигиттерден болушсун», -деп билдирди Кадырова.
Даярдаган: Айжибек Насиркул кызы