Сокулук районуна караштуу Жал айыл аймагында жергиликтүү аймактарды өнүктүрүү ишин улантуу иштери жүрүп жатат.
Матанова:
“Биз коомчулук жамаатынын чогулушунан чыктык. Демилгечи топ жакшы жаңылык жасап жатышкан экен. Жаңылыкты угуп биз дагы ыраазы болдук. Мектепке балдар көптүк кылып жатышат. Буга байланыштуу Орок айыл өкмөтү «ARIS» проектисин ишке ашырууда иш алып барып жатышкан экен. Биз проектти колдодук. Президенттин демилгеси менен быйылкы жылды аймактарды өнүктүрүү жылынын улантуу болгондуктан айылда долбоор аткарылып жаткандыгы абдан жакшы деп ойлойм. Демилгечи жаштарга, Орок айыл өкмөтүнүн, жалпы айылыбыздын элине жаңы жыл жаңыланууну алып келсин ”- деди ал.
Назгул Батырбекова:
“Я жительница села Джал. Сегодня мы приняли участие на собрании местного сообщества. Инициативная группа ознакомила нас с проектом “ARIS”. Я поняла, что есть два проекта:малый грант на сумму 20 тыс долларов и большой проект на сумму 300 тыс долларов. Родители, конечно, хотят большего, чем есть сейчас. Как говорится:- “Чем больше, тем лучше!” Хотелось бы, иметь большую школу, чтобы все дети могли учиться в светлой школе со всеми условиями. Нам так же, объяснили, что если нам повезёт выиграть 300 тыс, то получится построить только столовую и начальную школу на 100 человек со всеми условиями. Как я поняла, там будет столовая и спорт зал. Чего нам очень не хватает. В начальной школе спорт зала нету. Уроки проводятся, но полноценного урока физкультуры нет. Нам родителям, очень хочется, чтобы наши дети получили новую школу со всеми условиями.”-сказала она.
Арзыгул Ибраева:
“Кудай буюруп проектибиз ишке ашып, өтүп калса, Жал айылынын тургундары баарыбыз чогулуп колдогонго даярбыз. Себеби мектептен балдарыбыз, неберелерибиз билим алышат. Балдарыбыз биздин келечегибиз. Тургундарыбыздын саны өскөндүктөн башталгыч мектепке окуучулардын саны да көп болуп үч сменде окушат. Колубуздан келген жардамды беребиз. Ошол проект ишке ашышына бир женден кол бир жакадан баш чыгарганга даярбыз. Биз ушул проект утуп кетүүгө тилегибиз чоң. Аллахым жардам берсин”,- деди ал.
Жунушалиева Динара Сарбан айылынын тургуну:
Бүгүнкү болгон чогулушка келип «ARIS» долбоорунан айыл өкмөткө грант бөлүнүп жатканын билдик. Бул долбоор экиге бөлүнт экен чоң жана кичине болуп. Биз чогулган элге Орок айыл өкмөтү долбоорлор менен иштешип жаткандыгын бизге түшүндүрдү. Жал айылына жаны башталгыч мектеби курулса биздин балдарыбыз заманбап мектептен билим алса деген оюбуз бар. Азыркы мезгилде биздин балдар үч смена болуп окушат. Үчүнчү сменибиз караңгы киргенде сабактан тарашат.»- деп өз оюн билдирди.
Даядаган: Динара Султаналиева, Адилина Жанболотова, Ууржан Молдокулов