Түп районуна караштуу Токтоян айылында ФАП курулуп бүтүп ачылды. Ачылыш аземине ARIS уюмунун жетекчилиги жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Айылдагы фельдшердик-акушердик пунктуна (ФАП) саламаттык сактоо тармагында эмгеги сиңген Токтоян айылынын тургуну Күлүй Шаршалиеванын ысымы берилип, дал ушул медайымга ыраазычылык каты да тапшырылды.
ARIS жетекчилигинен келген Жорж Уали ачылыш аземинде айыл элин куттуктап өттү.
“Мен Кыргызстан менен иштешип келгениме төрт жылдын жүзу болду. Кыргызстан жакшы натыйжа көрсөткөндүктөн дагы деле иштешип келем. Силер долбоордон утуп алгансыңар, ошол себептен силерге жаңы талаптарга жооп берүүчү ФАП курулду. Ушул ФАП сиздерге жакшы кызмат көрсөтүп, ден соолукта болушуңарды каалап өтөм”, — деп билдирди Уали.
Күлүй Шаршалиева болсо ФАПка ысымы ыйгарылганы үчүн ыраазычылык билдирди.
“Жаңы ФАП менин ысымым менен аталып калышына кубанычым чексиз. Элге бир аз болсо да жардамым тийгенине кубанып отурам. Силерге ыраазычылыгым чексиз ал эми бул ФАП ак жолтой болсун”, — деди Шаршалиева.
Даярдаган: Жеңишова Айгерим
Редактор: Нуриса Максат кызы