2014-жылдын декабрь айында АРИС уюмунун өкүлдөрү Жайыл районунун айылдарындагы мектептерге кайрылып, кимде ким 21-декабрга чейин өз мектептеринин ажатканаларын жана кол жуучу жайларынын чиймесин АРИСке жөнөткөнгө жетишсе алар ЮНИСЕФтин мектептерде АРИС өткөрүп жаткан долбооруна катыша алышат деген маалымат таратышкан. Кара-Суу орто мектебинин директору Азаркулов Н.С. «Аккептер» мультимедиа борборунун жардамы менен чиймени өз убагында жөнөтүп, бул долбоого Кара-Суу орто мектебин да тандалып алынган.
Долбоор өз ишин февраль айынан баштады. Эки мугалим АРИС уюштурган семинарга катышып, долбоордун ишине өз салымдарын кошуп жатышат. Алар: Каралаева Марипа жана Азаркулова Калбүбү. АРИСтин өкүлдөрүнүн катышуусу менен мектепте 19-мартта Суу Күнү белгиленди. Окуучулар бул күнү өз колдору менен жасаган ар кандай макеттердин көргөзмөсүн уюштурушту жана Бүткүл дүйнөлүк Суу күнүнө карата чакан иш чара уштурушту.
Мына ошентип, ЮНИСЕФтин АРИС аткарып жаткан мектептердеги санитардык-гигиеналык абалы тууралуу долбоору Жайыл районундагы Кара-Суу орто мектебинде иштей баштады.
Даярдаган: Чакчагаев Султанаалы