Учурда мите курттардын көбөйүүсү, алардын кандай жолдор менен жуга тургандыгы жана алардан кантип сактануу керек? Канткенде биз мите курттардан арыла алабыз?
«Бул сабактын максаты — окуучуларга геофагия оорусу жөнүндө кенен маалымат берүү. Алардын өз ден-соолуктарына кам көрүүсү жана таза тыкан жүрүшү», — деди Мелис Жээнбаев.
«Геофагияны түшүндүрүп кетсем — бул топурак жемей адат деп түшүндүрүлөт. […] Бул сабак мага соцпедагок тарабынан сунушталган. Окуучулардын буга чейин аз да болсо геофагия оорусу боюнча маалыматтары бар экен. Мен бул сабакта өз максатыма жете алдым деп ойлойм. Анткени окуучулар жыйынтыктоодо суроолорума толук кандуу жооп бере алышты», — деген ойлору менен бөлүшө кетти Жээнбаев.
10-класстын окуучусу Бакыт кызы Элмира геофагия оорусу жөнүндө кеп кылганын төмөнкүдөй билдирди.
«Бул геофагия оорусу эмнеден кайдан кантип жугарын жана бул оору күчөп кетсе эмне болоорун түшүндүм. Биз бүгүн эхинококкоз, аскарида мите курттары жөнүндө сөз кылдык. Мен булар жөнүндө маалыматым бар болчу, бирок геофагия жөнундө маалыматым жок эле», — деди Элмира Бакыт кызы.
Мите курттар жөнүндө дагы көптөгөн видио роликтер көрсөтүлүп, ал жөнүндө кызуу талкуу жүрдү.
«Эң эле биринчи биз колдорубузду самындап таза жуушубуз керек. Антпесек биздин ашказаныбызга аябай терс таасирин тийгизет экен. Мите курттардын ичинен кеңири маалымат алганым бул эхинококкоз. Бул оорунун эң эле биринчи белгилери булар: ичи ооруйт экен жана адам алсырап, тамака болгон табити жоголуп, ичи өтө баштайт», — дейт 8-класстын окуучусу Сыймык.
Сабактын аягында окуучуларга карточка таратылып, мугалимдер окуучулардан берилген суроолорго жоопторду алышты.
Атайын алынган приборлор менен окуучулардын колундагы микробдорду да сабакка кыстырма кылып текшере кетишти.
Авторлор: Рита Кеңешова, Гүлжан Нуркасым кызы, Калыгул Максат уулу
kasyno online